КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 20-октябры ПЖ № 387
Н.Н.Аджибеков, Ж.С.Аширов жана Г.К.Кадырова жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына, 83-беренесинин 6-пунктунун экинчи абзацына ылайык, токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр дайындалсын:
- Аджибеков Нурлан Нурмамбетович - беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына;
- Аширов Жанышбек Сайдилаевич - мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына;
- Кадырова Гульназ Кубанычбековна - беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |