Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 26-октябры ПЖ № 425
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралу
(КР Президентинин 2009-жылдын 24-декабрындагы ПЖ № 605, 2010-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 55, 2010-жылдын 9-июлундагы ПЖ № 8, 2010-жылдын 19-августундагы ПЖ № 139 2011-жылдын 21-январындагы ПЖ № 15 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-октябрындагы № 283 Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылууга багытталган иш-чараларды кабыл алуу, ошондой эле мамлекеттик аткаруу бийлик органдарын күтүүгө бюджеттик каражаттарды үнөмдүү пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-, 42жана 47-беренелерин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. (КР Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы ПЖ № 15 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы ПЖ № 15 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Министрликтердин иштешин камсыз кылуу максатында төмөнкүлөр кайра түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Жерге жайгаштыруу боюнча "Кыргызгипрозем" мамлекеттик долбоорлоо институтун, Мамлекеттик картографо-геодезиялык кызматын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагынан чыгарылып Жерлерди пайдаланууга жана кайтарууга мамлекеттик контролдук кылуу боюнча жер инспекциясын, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин карамагынан суу чарба жана айылды суу менен жабдуу функциялары чыгарып жана өткөрүлүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине, мында суу чарба жана айылды суу менен жабдуу, кайра иштетүү өнөр жайы, спиртти жана алкоголь продукцияларын өндүрүү, сактоо жана сатып өткөрүү, маселелери боюнча функциялар алып салынып, анын карамагынан илимий институттар чыгарылсын; суу чарба жана айылды суу менен жабдуу маселелери боюнча чарбалык функциялардын базасында "Ирригация" Мамлекеттик ишканасы түзүлсүн, ал Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин карамагында иштейт;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги - Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине, мында өнөр жай, кайра иштетүү өнөр жайы, тарифтик, фискалдык жана лицензиялоо саясатын жүргүзүү маселелери боюнча функциялар өткөрүлүп берилсин жана анын карамагына Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институту өткөрүлүп берилсин;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги - өнөр жай чөйрөсүндөгү функцияларды алып салуу менен Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу министрлигине;
- Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети - жаштар, балдар жана гендер маселелери боюнча функцияларды берүү менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине.
(КР Президентинин 2010-жылдын 9-июлундагы ПЖ № 8 жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн түз баш ийген жана отчет берген органдар катары аныктоо менен аткаруу бийлик бутагынын карамагынан чыгарылсын:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги болуп кайра түзүлсүн;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздугунун комитети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына кайра түзүлсүн;
Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматына кайра түзүлсүн;
Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына кайра түзүлсүн;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына кайра түзүлсүн;
Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялоо комиссиясы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик, ал Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына кайра түзүлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун дирекциясын Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар борбордук агенттигине караштуу Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун дирекциясына кайра түзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында турган уюмдар катары аныктоо менен төмөнкү жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагынан чыгарылсын:
- "Кыргыз Туусу" басма үйү;
- "Слово Кыргызстана" басма үйү;
- "Эркин Тоо" газетасы.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жана анын жетекчилиги астында иштеген жаңы жана кайра түзүлгөн администрациялык ведомстволордун иштешин санкциялоону камсыз кылуу максатында:
- мамлекеттик агенттиктер боюнча:
а) төмөнкүлөр кайра түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттигине;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги эмгек маселелери боюнча функцияларды алып салуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик - антимонополиялык жөнгө салуу чөйрөсүндө бирдиктүү ыйгарым укуктуу орган катары статусун белгилөө менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине;
- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигине;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигине;
б) төмөнкүлөр жоюлсун:
- Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарга контролдук боюнча агенттиги, мында анын функциялары тиешелүү багыттар боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттик, мында анын функциялары Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине өткөрүлүп берилет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик;
- функцияларын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигине өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясы.
- мамлекеттик кызматтар боюнча:
а) төмөнкүлөр түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазаларды аткаруу жана соттолгон адамдарды конвоирлөө маселелери боюнча функцияларынын базасында карамагына Жазаларды аткаруу башкы башкармасын жана түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвоирлөө Департаментин өткөрүлүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, мында ага автотранспорттук каражаттарды каттоо жана паспорт берүү боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагынан чыгарылып, айыл чарба техникасын каттоо боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин карамагынан чыгарылып, жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагынан чыгарылып, өткөрүлүп берилсин;
б) төмөнкүлөр кайра түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматына;
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына, мында салыктык жөнгө салуу чөйрөсүндө фискалдык саясатты иштеп чыгуу боюнча функциялар алып салынсын;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, мында бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндө фискалдык саясатты иштеп чыгуу боюнча функциялар алып салынсын;
Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдүк кылуу мамлекеттик кызматына;
- фонддор боюнча:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду болуп кайра түзүлсүн;
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду болуп кайра түзүлсүн.
(КР Президентинин 2009-жылдын 24-декабрындагы ПЖ № 605, 2010-жылдын 19-августундагы ПЖ № 139 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- мамлекеттик сатып алуулар методологиясын ишке ашыруу боюнча функцияны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөсүн;
- Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институтун Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу Стандарттар жана метрология боюнча борборго кайра түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагынан электрондук Өкмөт боюнча функцияларды чыгарсын;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдында автомобиль жолдорун долбоорлоону, курууну жана эксплутациялоону жүзөгө ашырган түзүмдү карамагына өткөрүп берүү менен "Кыргызавтожолдору" Мамлекеттик ишканасын түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу чарба департаментин Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Суу ресурстар агенттигине кайра түзсүн;
- паспортторду берүү жана жарандарды жашаган жери боюнча каттоо маселелери боюнча функцияларды чыгарып салууну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорт жана визалык контроль башкармасын кайра уюштурсун;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Айылды суу менен жабдуу департаментинин жана Суу чарба департаментинин чарбалык функцияларынын базасында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу "Ирригация" Мамлекеттик ишканасын түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстар министрлигине караштуу энергетика жана газ боюнча Мамлекеттик инспекциясын Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу энергетика жана газ боюнча Мамлекеттик инспекциясына кайра түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу өнөр жай коопсуздугуна көзөмөл жана тоо-кен көзөмөлү боюнча Мамлекеттик инспекциясын Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу өнөр жай коопсуздугуна көзөмөл жана тоо-кен көзөмөлү боюнча Мамлекеттик инспекциясына кайра түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттикти Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигине кайра түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Мамлекеттик эмгек инспекциясын Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Мамлекеттик эмгек инспекциясына кайра түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттигин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигине кайра түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Улуттук китеп палатасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына кайра түзсүн;
- Депозиттерди коргоо боюнча агенттикти Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Депозиттерди коргоо агенттигине кайра түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигине кайра түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Жерге жайгаштыруу боюнча "Кыргызгипрозем" мамлекеттик долбоорлоо институтун Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Жерге жайгаштыруу боюнча "Кыргызгипрозем" мамлекеттик долбоорлоо институтуна кайра түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Мамлекеттик картографо-геодезиялык кызматты Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Мамлекеттик картографо-геодезиялык кызматына кайра түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Жерлерди пайдаланууга жана кайтарууга мамлекеттик контролдук кылуу боюнча жер инспекциясын Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу жерди пайдаланууга жана коргоого мамлекеттик контролдук кылуу боюнча Жер инспекциясына кайра түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Жазаларды аткаруу департаментине кайра түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана камакка алынган адамдарды жана соттолгондорду конвоирлөө Департаментин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана камакка алынган адамдарды жана соттолгондорду конвоирлөө Департаментине кайра түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин алдындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү Департаментине кайра түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин балдарды коргоо боюнча Департаментин Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу балдарды коргоо боюнча Департаментине кайра түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жаштар иштери боюнча Департаментин Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу жаштар иштери боюнча Департаментине кайра түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу спирт жана алкоголь продукциясын өндүрүү, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча Мамлекеттик агенттикти жойсун;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү
өнөр жай министрлигинин алдындагы Башкы мамлекеттик техникалык инспекция айыл чарба техникаларын жана атайын технологиялык машиналарды каттоо боюнча функцияларды алып салууну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Башкы мамлекеттик техникалык инспекцияга кайра уюштурулсун;
- К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетин К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине кайра түзсүн жана анын карамагына ирригация, дыйканчылык, мал чарбачылыгы жана жайыттар, ветеринария илим-изилдөө институттарын өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын карамагына электрондук Өкмөттү иштеп чыгуу жана киргизүү, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин координациялоо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине мониторинг жүргүзүү, талдоо жана контролдоо, жөнгө салуу, аймактык, тармактык жана башка саясаттарды жүзөгө ашыруу процессин тескөө, Өкмөттүн түзүмүнө жана ишинин маңызына өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу боюнча функцияларды өткөрүп берсин.
(КР Президентинин 2010-жылдын 9-июлундагы ПЖ № 8 жарлыгынын редакциясына ылайык)
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:
- коргоо жана коопсуздук маселелерин тескеген органдардан тышкары жогоруда аталган мамлекеттик органдардын башкаруу схемасын жана жоболорун, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизиле турган башкаруу схемаларынын жана жоболорунун долбоорлорун иштеп чыксын жана бекитсин;
- мамлекеттик мекемелерди, уюмдарды жана ишканаларды натыйжалуу башкарууну уюштуруу маселелерин чечсин жана зарылчылыкка жараша сунуштарды киргизсин;
- мамлекеттик имараттарды жана жайларды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну эске алуу менен аларга мамлекеттик органдарды жайгаштырсын;
- ушул Жарлыктан келип чыккан финансы, уюштуруу жана башка маселелерди чечсин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жарлыкка ылайык келтирүү боюнча сунуш киргизсин;
- мамлекеттик органдардын башкаруу схемаларын жана алар жөнүндө жобону иштеп чыгууда жана бекитүүдө бошогон кызматкерлерди ишке орноштуруу жана башка социалдык маселелерди чечүү менен алардын штаттык санын оптималдаштыруунун жана кыскартуунун максатка ылайыктуулугуна негизделсин; мамлекеттик кызматчылардын эмгегине акы төлөөнүн жаңы шарттарын белгилөө боюнча сунуштарды киргизсин;
- ушул Жарлыктан келип чыккан башка чараларды кабыл алсын жана өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
10. Ушул Жарлыктын 4, 6-пункттарында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар жана уюмдар эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин тийиштүү чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыксын жана киргизсин.
11. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.
12. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 26-октябры ПЖ № 425
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралу
(КР Президентинин 2009-жылдын 24-декабрындагы ПЖ № 605, 2010-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 55,
2010-жылдын 9-июлундагы ПЖ № 8, 2010-жылдын 19-августундагы ПЖ № 139,
2010-жылдын 17-декабрындагы ПЖ № 304, 2011-жылдын 21-январындагы ПЖ № 15,
2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-октябрындагы № 283 Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылууга багытталган иш-чараларды кабыл алуу, ошондой эле мамлекеттик аткаруу бийлик органдарын күтүүгө бюджеттик каражаттарды үнөмдүү пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-, 42жана 47-беренелерин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. (КР Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы ПЖ № 15 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы ПЖ № 15 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- (экинчи абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (үчүнчү абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (төртүнчү абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (бешинчи абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (алтынчы абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (жетинчи абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (сегизинчи абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (тогузунчу абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (онунчу абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (он биринчи абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (он экинчи абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (он үчүнчү абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (он төртүнчү абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (он бешинчи абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (он алтынчы абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (он жетинчи абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (он сегизинчи абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (он тогузунчу абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (жыйырманчы абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (жыйырма биринчи абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (жыйырма экинчи абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы
ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (жыйырма үчүнчү абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (жыйырма төртүнчү абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (жыйырма бешинчи абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (жыйырма алтынчы абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетин К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине кайра түзсүн жана анын карамагына ирригация, дыйканчылык, мал чарбачылыгы жана жайыттар, ветеринария илим-изилдөө институттарын өткөрүп берсин;
- (жыйырма сегизинчи абзац КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
(КР Президентинин 2010-жылдын 9-июлундагы ПЖ № 8 жарлыгынын редакциясына ылайык)
9. (КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
10. (КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
11. (КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
12. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |