Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 29-октябры № 474
Республиканын маданият жана көркөм өнөрүнүн кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын улуттук музыка өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн
Давлесов Насыр Давлесович - Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунун салттуу музыка кафедрасынын профессору.
Республиканын театр өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчү
Таджибаев Реджабай - Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын драма артисти.
Республиканын улуттук музыка өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн
Аманова Роза Асановнага - артист, Кыргыз улуттук консерваториясынын доценти;
Эралиева Каныкей Иманалиевнага - обончу-композитор, Кыргыз Республикасынын композиторлор Союзунун мүчөсү.
Республиканын көркөм сүрөт өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн
Шералиев Буласбек Сарбагишевичке - сүрөтчү-живописчи.
Республиканын маданият жана көркөм өнөр жагына сиңирген эмгеги үчүн:
Турсунбаева Гүлмира Насирдиновнага - Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын артисти;
Осмонов Болотбек Салбаровичке - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору;
Абазова Таалайкан Касымалиевна - А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын жетектөөчү сахна чебери;
Абдылдаев Бектен - Шаршен атындагы Чүй облустук театрынын башкы режиссеру;
Акматов Муратбек Молдоканович - Кыргыз мамлекеттик циркинин цирк жамаатынын директору;
Боромбаев Рыскул Мамбеткулович - Кыргыз Республикасынын Улуттук маданият борборунун башкы директору;
Марусич Николай Георгиевич - "Марко" Продюсердик борборунун директору;
Рысалиев Бексултан - Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай айылындагы маданий-спорт борборунун директору;
Төрөбеков Сүйүтбек Сатымбекович - сүрөтчү-живописчи.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |