Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 11-ноябры № 500
К.Ы.Тураповду III даражадагы "Манас" ордени менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын улуттук музыка өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору, Кыргыз Республикасынын эл артисти Турапов Каримберди Ырысалиевич III даражадагы "Манас" ордени менен сыйлансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |