Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 13-ноябры ПЖ № 508
Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө
Энергия булактарына тарифтик саясат өзгөргөн шарттарда мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучуларга кошумча социалдык колдоо көрсөтүү максатында токтом кылам:
1. 2010-жылдын 1-январынан тартып ар айдагы бир жолку жөлөкпулдардын өлчөмдөрү республика боюнча орточо кеминде 25 пайызга жогорулатылсын.
2. 2010-жылдын 1-январынан тартып ар айдагы социалдык жөлөкпулдардын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленсин:
- балдардын церебралдык шалынан жапа чеккен майып балдарга - 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө;
- ВИЧ-инфекциясына чалдыккан же СПИД менен ооруган балдарга - 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө;
- ВИЧ-инфекциясына чалдыккан же СПИД менен ооруган энелерден туулган балдарга - 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө;
- бала чагынан I топтогу майыптарга - 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө;
- майып балдарга - 1500 (бир миң беш жүз) сом өлчөмүндө;
- бала чагынан II топтогу майыптарга - 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө;
- пенсия менен камсыз кылууга укугу болбогон, жалпы оорусу бар I топтогу майыптарга - 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө;
- пенсия менен камсыз кылууга укугу болбогон баатыр энелерге 2000 сом (эки миң) өлчөмүндө;
- пенсия менен камсыз кылууга укугу болбогон томолой жетимдерге 2000 сом (эки миң) өлчөмүндө;
- бала чагынан III топтогу майыптарга - 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө;
- пенсия менен камсыз кылууга укугу болбогон, жалпы оорусу бар II топтогу майыптарга - 1500 (бир миң беш жүз) сом өлчөмүндө;
- пенсия менен камсыз кылууга укугу болбогон, жалпы оорусу бар III топтогу майыптарга - 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө;
- пенсия менен камсыз кылууга укугу болбогон картаң жарандарга -
1000 (бир миң) сом өлчөмүндө;
- пенсия менен камсыз кылууга укугу болбогон, бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган картаң жарандарга - 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө;
- пенсия менен камсыз кылууга укугу болбогон, баккан адамынан ажыраган балдарга - 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2010-жылдын 1-январына чейин:
- мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн жогорулатууга зарыл каражаттарды белгиленген тартипте тапсын жана "2010-жылга республикалык бюджет жана 2011-2012-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- ар айдагы социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн аныктоо учурунда кепилдик кылынган минималдуу керектөө деңгээлин алып салууну жана ар айдагы бирдиктүү жөлөкпулдарды дайындоо учурунда даректүүлүктү күчөтүүнү караган "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпул жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. 2010-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Ар айдагы социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 31-январындагы N 44 Указы;
- "Ар айдагы социалдык жөлөкпулдарга үстөк акыларды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-сентябрындагы N 432 Жарлыгы.
5. Бул Жарлык жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |