Загрузка документа…
КР Президентинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги ПЖ № 132 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 13-ноябры ПЖ № 511
Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2010-жылдын 1-январынан тартып жеңилдиктерди алмаштырган ар айлык акчалай компенсацияларды төлөө киргизилсин:
№ | Жарандардын категориялары | Айына/сом |
1. | Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары | 7000 |
2. | Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары | 7000 |
3.
| Советтер Союзунун Баатырлары жана Кыргыз Республикасынын Баатырлары, күжүрмөн эмгеги үчүн сыйлангандар жана күжүрмөн эмгеги үчүн Даңк орденинин үч даражасы менен сыйлангандар | 7000
|
4. | Мурдагы концлагерлердин жашы жетелек туткундары | 7000 |
5.
| «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы жана «Курчоодогу Ленинграддын тургуну» белгиси менен сыйланган адамдар | 7000
|
6.
| Башка мамлекеттердин аймагындагы күжүрмөн аракеттерде жарадар болгон майып-аскер кызматчылары | 7000
|
7.
| СССРди коргоодо же башка мезгилде аскер кызматынын башка милдеттерин аткарууда алган жаракатынан, контузиясынан, мертинүүсүнөн же оорусунан улам майып болуп калган аскер кызматчыларынын ичинен адамдары | 7000
|
8.
| Башка мамлекеттердин аймагындагы күжүрмөн аракеттердин катышуучулары | 6000
|
9.
| Чернобыль АЭСиндеги апааттын айынан майып болуп калган жана нур оорусуна чалдыккан жана ооруган адамдар | 3000
|
10.
| 1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги апааттын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар | 2500
|
11.
| Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында оорукта каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин орден жана медалдары менен сыйланган майыптыгы бар адамдар | 2000
|
12.
| Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында жумушчу колонияларга (эмгек армиясына) мыйзамсыз мажбурлоо менен мобилизациялоого дуушар болгон жана кийин акталган жарандар | 2000
|
13.
| Социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча саясый жана диний ынанымдары үчүн репрессиянын кесепетинен жапа чеккен, реабилитацияланган жарандар | 1500
|
14.
| 1988-1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги апааттын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар | 1000
|
15.
| Чернобыль АЭСиндеги апааттын айынан курман болгон, нур оорусуна чалдыккан жана каза болгон майыптар | 1000
|
16.
| Чернобыль АЭСиндеги апааттын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан (18 жашка чейинки) балдар | 1000
|
17.
| Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында оорукта каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин орден жана медалдары менен сыйланган майыптыгы жок адамдар | 1000
|
18.
| Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөсү | 1000
|
19.
| Аскер кызматынын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөсү | 1000
|
20.
| Кызматтык милдеттенмелерин жана кызматтык парзын аткаруу менен байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө учурунда алган жаракатынын, мертинүүсүнүн, оорусунун айынан кызматтан бошогондон кийин каза болгон ички иштеринин кызматкерлеринин үй-бүлөсү | 1000
|
21.
| Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчыларынын, кийин никеге турбаган жесирлери (жесилдери) | 1000
|
22.
| Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын, кийин никеге турбаган жесирлери (жесилдери) | 1000
|
23.
| "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы жана "Курчоодогу Ленинграддын тургуну" белгиси менен сыйланган, майып деп таанылган адамдардын кийин никеге турбаган жесирлери (жесилдери) | 1000
|
24.
| "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" төш белгиси менен сыйланган адамдар | 1000
|
25. | Көрүүсү жана угуусу боюнча майыптар | 1000 |
2. Ар айлык акчалай компенсацияларды төлөп берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги аркылуу жүргүзүлсүн.
3. Ушул Жарлыктын 1-пунктунда каралган компенсацияларды төлөп берүү республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2010-жылдын 1-январына чейин:
- ушул Жарлыктын 1-пунктунан келип чыккан финансы, уюштуруу жана башка маселелерди чечсин;
- социалдык жеңилдиктердин колдонуудагы ченемдерин жокко чыгарууну караган "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна белгиленген тартипте киргизсин;
- акчалай компенсацияларды төлөп берүү үчүн зарыл акча каражаттарын издеп тапсын жана "2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна белгиленген тартипте тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |