Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 10-ноябры ПЖ № 496
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө
Мамлекеттик объекттерди кайтарууну жана коопсуздугун камсыз кылган, ошондой эле чет мамлекеттердин башчыларын тосуп алууда жана Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" борбордук аянтына орнотулган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун жанында кароолго турууга байланышкан иш-чараларга катышкан органдардын ишин аларды реформалоо жана бири-бирин кайталаган функцияларды жоюу жолу менен оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1, 7, 42, 46 жана 47-беренелерин жетекчиликке алып жана мыйзам менен жөнгө салынганга чейин
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы функцияларын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматына өткөрүп берүү менен жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын укук мурастоочусу болуп санала тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы:
- бир айлык мөөнөттө функцияларды оптималдаштыруу жолу менен штаттык санын кыскартууну кароо менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын Жобосун жана башкаруу схемасын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын катышуусу менен эки айлык мөөнөттө материалдык-техникалык каражаттарды, штаттарды өткөрүү-кабыл алууну жүргүзсүн жана юридикалык жак катары Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясын жоюу маселесин белгиленген тартипте чечсин;
- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик-укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыксын жана кароого киргизсин, ошондой эле ушул Жарлыктан келип чыккан башка чараларды кабыл алсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча Мамлекеттик кеңешчисине жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |