КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 20-ноябры ПЖ № 520
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагаларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 11-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, токтом кылам:
1. Төмөнкүлөрдүн ыйгарым укуктары токтотулсун:
Абдырахманов Жакып Токтобековичтин - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 22-ноябрындагы N 336 Жарлыгы менен Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун төрагалыгына жети жылдык мөөнөткө дайындалган;
Киргизбаев Куанбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 22-ноябрындагы N 336 Жарлыгы менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун төрагалыгына жети жылдык мөөнөткө дайындалган.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |