Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 30-ноябры ПЖ № 537
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жөнөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 4-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр жөнөтүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Асанова Нургуль Молдобековна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Бакиров Кайридин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Басылакунов Рысбек Кабылбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотуна;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Давлетбаева Мадина Акремовна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Ибраев Джолдош Мамаевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Калыбаева Шааркан Акматалиевна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Чүй облустук сотуна;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Мельникова Маргарита Павловна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Саргалдакова Гульмира Зарлыковна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Толоев Жакыпбек Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Уметалиева Галина Дюшекеевна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Чүй облустук сотуна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |