Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 30-ноябры ПЖ № 541
Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Калкты социалдык жактан коргоо жагына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн:
Мамбетакунов Калык Барыктабасович - Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун президенти, Кыргызстан майыптар Ассоциациясынын президенти.
Бегимбаев Каныбек Арпачиевич - "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Садовое окуу-өндүрүштүк ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомунун жумушчусу, Чүй облусунун Москва району;
Дайыров Кадыралы - "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун N 3 Бишкек окуу-өндүрүштүк ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомунун жыгач иштетүү цехинин станокчу-кесүүчүсү;
Жамалова Жаркын Сагынбековна - "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун N 2 Бишкек окуу-өндүрүштүк ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомунун үтүктөөчүсү;
Кудайкулова Айгүл Мамажановна - Ош шаарындагы азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектебинин директору;
Иманбекова Жаңылкан Үсөновна - "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Каракол окуу-өндүрүштүк ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомунун жууркан цехинин жумушчусу;
Мирзалиев Жанибек Анарбаевич - "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун "Дыйкан" Түштүк окуу-өндүрүштүк ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомунун жумушчусу.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |