КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 2-декабры ПЖ № 544
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 11-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөрдүн ыйгарым укуктары токтотулсун:
Алибаев Акматали Имаралиевичтин - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 2-декабрындагы № 361 Жарлыгы менен Ош облусунун райондор аралык сотунун судьялыгына жети жылдык мөөнөткө дайындалган;
Бердикеев Токтоназар Нарыкбаевичтин - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 2-декабрындагы № 361 Жарлыгы менен Талас облустук сотунун судьялыгына жети жылдык мөөнөткө дайындалган.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |