Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 4-декабры ПЖ № 550
З.Т.Мамытов, А.К.Сыдыков, Н.К.Эсеналиев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 11-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөрдүн ыйгарым укуктары токтотулсун:
Мамытов Закирбай Торулуевичтин - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 4-декабрындагы № 362 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун төрагасынын орун басарлыгына жети жылдык мөөнөткө дайындалган;
Сыдыков Акылбек Ишенбековичтин - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 4-декабрындагы № 362 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун судьялыгына жети жылдык мөөнөткө дайындалган, кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 24-майындагы № 266 Жарлыгы менен Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун судьясы болуп которулган;
Эсеналиев Нурбек Канатбековичтин - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 4-декабрындагы № 362 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун судьялыгына жети жылдык мөөнөткө дайындалган, кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 24-майындагы № 266 Жарлыгы менен Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы болуп которулган.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |