КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 4-декабры ПЖ № 551
З.Т.Мамытов, А.И.Сыдыков жана Н.К.Эсеналиев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына, 83-беренесинин 6-пунктунун экинчи абзацына ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр дайындалсын:
- Мамытов Закирбай Торулуевич - курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына;
- Сыдыков Акылбек Ишенбаевич курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына;
- Эсеналиев Нурбек Канатбекович курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына;
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |