Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 10-декабры ПЖ № 568
Т.К.Жусубалиев, Т.Суранбаев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына, 84-беренесинин 1-, 4-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кеңешинин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кынтыксыз эмес жүрүм-туруму жөнүндө чечимдерин эске алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр:
- Баткен облустук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан Жусубалиев Табылды Кудайбердиевич - Кыргыз Республикасыны жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;
- Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан Суранбаев Турдубек - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |