Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 10-декабры ПЖ № 570
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жөнөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 4-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр жөнөтүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Конгантиева Зарема Камбаралиевна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Кыдыров Калтарбек Абдыкадырович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотуна;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Сулайманова Айнура Эртабылдиевна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Чүй облусунун Москва райондук сотуна;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Токтогулова Гулзада Токторбаевна Баткен облустук сотуна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |