Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 11-декабры ПЖ № 572
А.Ү.Жапаров жөнүндө
КМШга катышкан мамлекет башчыларынын Кеңешинин 2008-жылдын 10-октябрындагы Чечими менен бекитилген КМШга катышкан мамлекеттердин Улуттук координаторлору жөнүндө Жобого, КМШга катышкан мамлекет башчыларынын Кеңешинин 2000-жылдын 25-январындагы Чечими менен бекитилген КМШнын экономикалык кеңеши жөнүндө Жобого жана ЕврАзЭСтин Мамлекеттер аралык Кеңешинин 2001-жылдын 31-майындагы Чечими менен бекитилген Евразия экономикалык шериктештигинин интеграциялык комитети жөнүндө Жобого ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Жапаров Акылбек Үсөнбекович ЕврАзЭСтин атайын өкүлү, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук координатору, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Экономикалык кеңешинде Кыргыз Республикасынын өкүлү жана Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетинин мүчөсү болуп дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруучу комитетине жана Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетинин Катчылыгына ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн дайындоолор жөнүндө билдирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |