Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 14-декабры ПЖ № 574
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү тууралу
Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин натыйжалуу камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 47-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринин "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты" деген бөлүмүндө:
"Саясый мамлекеттик кызмат орундары" деген бөлүктүн "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты" деген бөлүмүнүн II тобунун үчүнчү сабында "Аппаратынын" деген сөз алып салынсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринин "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты" деген бөлүмүндө:
- "Жогорку кызмат орду" категориясынын Ж1 тобу төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчисинин кызматынын жетекчиси
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кызматынын жетекчисинин орун басары
Кыргыз Республикасынын Президентинин канцеляриясынын начальнигинин орун басары
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары";
- "Жогорку кызмат орду" категориясынын Ж2 тобу төмөнкүдөй мазмундагы сап менен толукталсын:
"Инспектор".
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |