Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 14-декабры ПЖ № 576
Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчисинин ишин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 47-беренесин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 2-апрелиндеги № 122 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчилеринин жана жардамчыларынын тобу жөнүндө Жобонун күчү Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчисине жайылтылбайт, анын ишмердиги ушул Жарлыктын 1-пункту менен бекитилген Жобо менен жөнгө салынат.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 576 жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси жөнүндө жобо
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси (мындан ары кеңешчи) түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президентине баш ийген, ага жүктөлгөн милдеттерди, функцияларды аткарган жана ушул Жобого ылайык ыйгарым укуктарга ээ Кыргыз Республикасынын кызмат адамы болуп саналат.
2. Кеңешчи өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, буйруктарын жана тапшырмаларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кеңешчи Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
II. Кеңешчинин милдеттери, функциялары жана укуктары
4. Кеңешчинин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик саясаттын актуалдуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине кеңеш берүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан өкүлчүлүктүү функцияларды жүзөгө ашыруу.
5. Кеңешчиге жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн ага төмөнкүдөй функциялар жүктөлөт:
- мамлекеттик саясаттын актуалдуу маселелери боюнча талдоо жүргүзүү;
- мамлекеттик саясаттын актуалдуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине туруктуу маалымат, кеңеш жана маалыматтык-талдоо материалдарын берүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча өкүлчүлүктүү функцияларды аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча:
мамлекеттик саясаттын маселелери боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды экспертизалоого;
жарандарды кабыл алууну, жарандардын каттарын жана арыздарын кароону уюштурууга, ал кайрылуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларынын аткарылышына контролдук кылууга;
эл аралык жана республикалык конференцияларга, форумдарга жана жолугушууларга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин башка тапшырмаларын аткаруу.
6. Ушул Жободо каралган милдеттерди чечүү жана функцияларды аткаруу үчүн кеңешчи төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан ар кандай зарыл маалыматтарды, анын ичинде жашыруун маалыматтарды суратууга;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешмелерине катышууга;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарына, мамлекеттик органдардын коллегияларына катышууга;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларын иштеп чыгуу үчүн эксперттик жана жумушчу топторду түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизүүгө;
- анын дарегине келип түшкөн кат-кабарларды, кызматтык документтерди, жарандардын кайрылууларын кароого жана аларды аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырмаларды берүүгө, ошондой эле жарандарды кабыл алууга;
- белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын, Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин жана анын Кызматынын маалыматтар банкынан пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык башка укуктарга жана милдеттерге ээ.
III. Кеңешчинин ишин уюштуруу
7. Кеңешчи Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын, Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министри, Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчиси жана анын Кызматы менен тыгыз карым-катнашта иштейт.
8. Кеңешчи Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн энчилүү бланкты пайдаланат.
9. Кеңешчиде анын ишин камсыз кылуу боюнча кызмат болот, анын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кызматкерлери болуп саналат. Кеңешчинин кызматынын жетекчиси жана эксперти кеңешчинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
Кеңешчиде Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын штатынын эсебинен жардамчы жана башкы адис болот. Кеңешчинин жардамчысы кеңешчинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
Кызматтын жетекчисинин, кызматтын экспертинин жана кеңешчинин жардамчысынын функциялык милдеттенмелери кеңешчи тарабынан аныкталат.
10. Кеңешчинин ишин документ жагынан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Президентинин канцеляриясы жүргүзөт.
Кеңешчинин ишин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жүргүзөт.
КР Президентинин
2012-жылдын 25-январындагы № 16 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ