Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 16-декабры ПЖ № 590
Н.А.Алыбаева, К.Т.Осмоналиев, Р.А.Салиев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр 2009-жылдын 11-декабрынан тартып:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 13-октябрындагы № 459 Жарлыгы менен дайындалган Алыбаева Нургуль Алыбаевна - Бишкек шаардык сотунун судьясынын кызматынан;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 24-декабрындагы № 416 Жарлыгы менен дайындалган Осмоналиев Камил Турдубекович - Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басарынын кызматынан;
- тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 29-декабрындагы № 651 жана 2006-жылдын 29-декабрындагы № 652 жарлыктары менен дайындалган Салиев Рахимберди Абдыкалыкович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын жана Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басарынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |