Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 29-декабры ПЖ № 612
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Бишкек жогорку аскердик окуу жайын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна өзгөртүп түзүү жана анын жайгашуу ордун аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн аскердик кадрларды даярдоо системасын өркүндөтүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Бишкек жогорку аскердик окуу жайы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна өзгөртүп түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтунун жайгашкан жери болуп Ош шаары аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
а) төмөнкүлөрдү:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтун таламдаш мамлекеттик органдар менен эриш-аркак аракетте 2011-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынан Ош шаарына көчүрүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтунун ишин камсыз кылуу үчүн окуу-материалдык базаны 2011-2012-окуу жылы башталганга чейин даярдоону жүзөгө ашырсын;
б) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтунун Уставын иштеп чыксын жана бекитсин;
в) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтун көчүрүү менен байланышкан уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн каралган каражаттардын чектеринде чечсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин жана ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин Кызматына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 29-декабры ПЖ № 612
(КР Президентинин 2012-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 137 Жарлыгына редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Бишкек жогорку аскердик окуу жайын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна өзгөртүп түзүү жана анын жайгашуу ордун аныктоо жөнүндө
Бул Жарлыктын аткарылышы тууралу КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 160 токтомун караңыз
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн аскердик кадрларды даярдоо системасын өркүндөтүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Бишкек жогорку аскердик окуу жайы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна өзгөртүп түзүлсүн.
2. (КР Президентинин 2012-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 137 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
а) (КР Президентинин 2012-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 137 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
б) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтунун Уставын иштеп чыксын жана бекитсин;
в) (КР Президентинин 2012-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 137 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
(КР Президентинин 2012-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 137 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин жана ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.
(КР Президентинин 2012-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 137 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Б. Бакиев |