Загрузка документа…
КР Президентинин
2012-жылдын 25-январындагы №16 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 30-декабры ПЖ № 613
Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигине караштуу келечектүү иштеп чыгуулар Борбору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жана башка мамлекеттик органдардын ишин маалымат-талдоо жагынан камсыз кылуу, экономикалык өнүктүрүү жагында сунуштарды иштеп чыгуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42- жана 47-беренелерин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин карамагынан экономикалык стратегиялар Борбору чыгарылып Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигине караштуу келечектүү иштеп чыгуулар Борборуна (мындан ары - Борбор) кайра түзүлсүн.
2. Борборго төмөнкүдөй милдеттерди чечүү жүктөлсүн:
- илим-изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана экономикалык өнүгүү маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгууга мамлекеттик буюртмаларды жайгаштыруу системасын уюштуруу;
- улуттук изилдөөчүлөрдүн жана изилдөө уюмдарынын потенциалын күчөтүү;
- чет өлкөлүк илимий кызматкерлерди, изилдөө уюмдарын жана эксперттерди экономикалык изилдөөгө мамлекеттик буюртмаларды жүзөгө ашыруунун үстүндө иш жүргүзүүгө тартуу.
3. Келечектүү иштеп чыгуулар Борборунун директору Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин Жетекчиси тарабынан дайындала тургандыгы аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги:
- Борбор жөнүндө жобону бекитсин;
- Борбордун түзүмүн жана штаттык санын бекитсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Борборду түзүүгө байланышкан уюштуруу жана финансы маселелерин, анын ичинде бардык мүлктү, ээлеп турган жайларды өткөрүп берүү жолу менен чечсин;
- 2010-жылга Борбордун базалык жылдык бюджетин 2009-жылга Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине караштуу экономикалык стратегиялар Борборунун жылдык бюджетинин суммасында белгилесин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин Жетекчисине жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |