КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 26-январы ПЖ №12
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы "Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык түзүлүш системасын кайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө" Жарлыгын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Мамлекеттик башкаруу системасында жүргүзүлүп жаткан реформага байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 47-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы №333 "Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык түзүлүш системасын кайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Б. Бакиев |