Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 27-январы ПЖ №16
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул поселкалык кеңешинде мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 6-пунктунун 4-пунктчасынын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин80-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул поселкалык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2010-жылдын 28-мартына дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык өткөрүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- шайлоону өткөрүү үчүн зарыл финансы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык бөлсүн;
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими шайлоо комиссиясына шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |