Редакцияот 30.01.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2010-жылдын 30-январы ПЖ №27

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жиберүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр жиберилсин:

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Акбердиев Марат Туратбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Нарын облусунун райондор аралык сотуна;

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Батырбеков Тилекбек Соронбаевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотуна;

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Бекмурзаев Аскарали Ташпулатович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Талас облусунун райондор аралык сотуна;

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Бердикеев Токтоназар Нарыкбаевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Талас облустук сотуна;

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Туленбаев Таирбек Абдумаликович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Баткен облусунун райондор аралык сотуна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К.Бакиев