Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 10-февралы ПЖ №40
А.М.Арзиев, М.С.Жээналиев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 4-пунктуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр которулсун:
- Арзиев Аликбек Маматович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Чүй облустук сотуна;
- Жээналиев Марат Субанбекович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Ленин райондук сотуна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |