Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 24-февралы ПЖ №60
"Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясы жөнүндө
Маалымат саясатын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, жаңылануу жана реформа процесстерин жигердүү чагылдыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын калкын маалымат менен сапаттуу камсыз кылуу максатында токтом кылам:
1. "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясын уюштуруу максатка ылайыктуу деп табылсын.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясынын уставы Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын сунушу боюнча бекитилет:
- "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын Жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат;
- "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясынын жооптуу кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын Жетекчиси менен макулдашуу боюнча "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясынын жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат;
- "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясынын түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын Жетекчиси тарабынан бекитилет.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы эки айлык мөөнөттө:
- "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясын уюштурсун;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын Жетекчисинин сунушу боюнча "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясынын уставын бекитсин;
- ушул Жарлыктан келип чыккан мүлктүк, финансылык, уюштуруу жана башка маселелерди чечсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы бир айлык мөөнөттө:
- "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясынын уставынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына бекитүүгө киргизсин;
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин.
5. "Слово Кыргазстана" басма үйү жоюлсун.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:
- "Слово Кыргызстана" басма үйүн жоюу боюнча бардык зарыл иш-чараларды өткөрсүн;
- интеллектуалдык менчик объекттерин кошуп алганда "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн мүлкүн "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясына өткөрүп берсин;
- "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясы менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте "Слово Кыргызcтана" басма үйүнүн укуктарын жана милдеттенмелерин "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясына берсин (өткөрсүн);
- ушул Жарлыктан келип чыккан мүлктүк, финансылык, уюштуруу жана башка маселелерди чечсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
7. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын Жетекчисине жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |