Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 26-февралы ПЖ №64
Республиканын жигердүү аялдарын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республиканы социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн:
"Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам берилсин:
Ожукеева Токона Ожукеевнага - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Башкаруу академиясынын социалдык жана саясый
менеджмент кафедрасынын башчысы;
Султанбаева Гульша Улукмановнага - билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик
бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин төрайымы;
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Асылбаева Гюльшат Кадыровна - "Кыргыз коньягы" жоопкерчилиги чектелген коомунун
башкы директору, Бишкек шаары;
Губина Лариса Васильевна - Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык
өнүктүрүү башкармасынын начальнигинин
орун басары;
Жумабекова Турдукан Абдыкарыевна - Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин депутаты;
Колдошева Токтокан Касымовна - Баткен шаарынын мэриясынын үй-бүлө
жана балалыкты коргоо бөлүмүнүн
башчысы, Баткен облусу;
Малабаева Фатима Аманбаевна - Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын
финансылык бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Мамасалиева Гүлгакы Эшмаматовна - "Интербилим" Ош ресурстук борборунун
менеджери, Ош шаары;
Нарматова Санамкан Балтабаевна - Жалал-Абад шаарынын вице-мэри,
Жалал-Абад облусу;
Осмоналиева Гүлмира Жеңишевна - "Каркыра" жоопкерчилиги чектелген коомунун
башкы директору, Ысык-Көл облусу;
Сабирова Ранохан Азатовна - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын
мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдүк боюнча
башкармасынын улук прокурору, Рудаки
атындагы тажиктердин коомдук бирикмесинин мүчөсү;
Турусбекова Фатима Сагындыковна - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо
министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын
медико-маалыматтык кабинетинин врач-статисти.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |