Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1997-жылдын 29-декабры № 105
Мамлекеттик күзөт жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 8-октябрындагы № 207, 2009-жылдын 11-мартындагы № 77, 2011-жылдын 11-июлундагы № 92 , 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154 , 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 226 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт органынын аткара турган ишин аныктайт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт объекттерин, ыйгарым укуктарын, ошондой эле анын ишине контролду жана көзөмөлдү белгилейт.
1-статья. Мамлекеттик күзөт органы
Мамлекеттик күзөт органы ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында укуктук, уюштуруучулук, күзөттүк, режимдик, техникалык чаралардын жыйындысын жүзөгө ашырат.
(КР 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 226 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
мамлекеттик күзөт объектисинин коопсуздугу - мамлекеттик кайтарууга алынган адамдын анын өмүрүнө, ден соолугуна жана мамлекеттик кызматтын ыйгарым укуктарын же башка мамлекеттик, саясый же коомдук ишти аткарышы менен байланышкан мыйзам менен корголуучу башка турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына укукка каршы жана башкача кол салуулардан корголушу;
мамлекеттик күзөт - укуктук, уюштуруучулук, кайтаруу, режимдик, техникалык жана башка чаралардын жыйындысынын негизинде мамлекеттик башкаруунун муктаждыктары үчүн жүргүзүлүүчү мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы мамлекеттик бийлик органдарынын функциясы;
кайтарылуучу объектти коргоо - кайтарылуучу объекттерди күзөтүү жана коргоо боюнча иш-чаралардын жыйындысы;
мамлекеттик күзөт объектисинин коопсуздугуна коркунуч жөнүндө маалымат - мамлекеттик кайтарууга алынган адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн, мыйзам менен кайтарылуучу анын башка турмуштук маанилүү кызыкчылыктары үчүн коркунуч түзгөн шарттар жана факторлор жөнүндө же ошол адамга күч колдонуу, моралдык жана башка мүнөздөгү мүмкүн болуучу кол салуулар жана анын мыйзам менен корголуучу турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына башка зыян келтирүү жөнүндө маалымат;
мамлекеттик күзөт объектисинин убактылуу турган орду - мамлекеттик күзөт объектисинин туруктуу жашаган жери боюнча жана мамлекеттик кызматынын (ишинин) ордуна карата башкасы;
мамлекеттик күзөт объектисинин туруктуу турган орду - мамлекеттик күзөт объектисинин туруктуу жашаган жери жана мамлекеттик кызматынын (ишинин) орду;
мамлекеттик күзөт объектисинин коопсуздугун камсыз кылуу - мамлекеттик кайтарууга алынган адамдын коопсуздугуна коркунучтардын бетин ачууга, алдын алууга жана жолун тосууга багытталган укуктук, уюштуруучулук, кайтаруу, режимдик, техникалык жана башка чаралардын жыйындысын жүзөгө ашыруу;
мамлекеттик күзөт объектиси - ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик кайтарууга алынган адам;
кайтаруу иш-чаралары - Мамлекеттик күзөт органы, анын ичинде коопсуздукту камсыз кылуучу башка мамлекеттик органдардын күчтөрүн жана каражаттарын тартуу менен мамлекеттик күзөт объектиси туруктуу же убактылуу турган жерлерде, анын ичинде мамлекеттик күзөт объекттери убактылуу болгон трассаларда, анын ичинде мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган алардын жүрүү трассаларында жүргүзүлүүчү аракеттердин жыйындысы жана кайтарылуучу объекттерди коргоо;
кайтарылуучу объекттер - мамлекеттик бийлик органдары жайгашкан имараттар, курулуштар жана курулмалар, аталган имараттарга, курулуштарга жана курулмаларга чектеш жаткан мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу максатында коргоого алына турган аймактар жана акваториялар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык кайтарууга алынуучу башка объекттер;
коомдук тартипти колдоо - Мамлекеттик күзөт органынын укук бузуу-
лардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча, мамлекеттик күзөт объекттери туруктуу же убактылуу болгон жерлерде, анын ичинде алар бараткан трассаларда жана кайтарууга алынган объекттерде жүрүш-туруштун коомдук эрежелерин сактоо (укук тартибин камсыз кылуу) боюнча ушул Мыйзам менен белгиленген ыйгарым укуктардын чегиндеги өз алдынча же коопсуздукту камсыз кылуучу башка мамлекеттик органдардын күчтөрүн жана каражаттарын тартуу менен жүргүзүлүүчү иши.
(КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 77, 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Мамлекеттик күзөт органынын ишинин укуктук негизи
Мамлекеттик күзөт органынын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер жана макулдашуулар түзөт.
(КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Мамлекеттик күзөт органынын милдеттери
Мамлекеттик күзөт органынын милдеттери:
- Мамлекеттик күзөт объекттеринин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучту болжолдоо жана айкындоо, бул коркунучту болтурбоо боюнча чаралардын комплексин ишке ашыруу;
- Мамлекеттик күзөт объекттери туруктуу же убактылуу болгон жерлерде алардын коопсуздугун камсыз кылуу;
- өз ыйгарым укуктарынын чектеринде президенттик жана өкмөттүк байланышты уюштурууну жана анын иштешин камсыз кылуу;
- өз ыйгарым укуктарынын чектеринде терроризмге каршы күрөшүү;
- кайтарылуучу объекттерди коргоо;
- кайтарылуучу объекттерде кылмыштардын жана башка эреже бузуулардын алдын алуу, аларды табуу жана аларга бөгөт коюу болуп саналат.
4-статья. Мамлекеттик күзөт органынын ишинин принциптери
Мамлекеттик күзөт органы өз ишин төмөнкүдөй:
- мыйзамдуулук;
- адамдын жана граждандын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо жана сактоо;
- мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу максатында мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;
- үзгүлтүксүздүк;
- иштин маалымдуу жана маалым эмес ыкмаларын айкалыштыруу;
- контроль жана көзөмөл алдында болуу принциптеринин негизинде жүзөгө ашырат.
5-статья. Мамлекеттик күзөт органынын мамлекеттик органдар менен
өз ара мамилелери
Мамлекеттик күзөт органы өзүнүн алдында турган милдеттерди улуттук коопсуздук, коргоо маселелери карамагына кирген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары, ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен биргелешип аракеттенүү аркылуу чечет.

6-статья. Мамлекеттик күзөт объекттери жана кайтарылуучу объекттер
Мамлекеттик күзөт объекттерине ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн адамдар кирет.
Кайтарылуучу объекттерге Мамлекеттик күзөт объекттери убактылуу же туруктуу жайгаштырылган имараттар, курулуштар, түзүлүштөр жана аларга жамаатташ аймактар, ошондой эле Мамлекеттик күзөт органынын оперативдүү башкаруусундагы имараттар, курулуштар жана түзүлүштөр, аларга жамаатташ аймактар кирет.
7-статья. Кыргыз Республикасынын Президентин мамлекеттик күзөткө алуу
Мамлекет башчысы - Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкен учурдан тартып, туруктуу жана убактылуу болгон жерлерде мамлекеттик күзөткө алынат.
(2-бөлүк 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Президенти өз ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде мамлекеттик күзөттөн баш тартууга укуксуз. Кыргыз Республикасынын экс-Президентин камсыз кылуу, тейлөө жана коргоо мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт.
(КР 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья. Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты ээлеген
адамдарга мамлекеттик күзөттү берүү
Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты ээлеген төмөнкү адамдарга мамлекеттик күзөт берилет:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы.
Көрсөтүлгөн адамдарга мамлекеттик күзөт алардын ыйгарым укуктары-
нын мөөнөтүнүн ичинде берилет.
(КР 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154, 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 226 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-1-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын
мамлекеттик күзөткө алуу
Өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулган учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы аныктаган тартипте мамлекеттик күзөткө алынышы мүмкүн.
(КР 2011-жылдын 11-июлундагы № 92 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья. Чет мамлекеттердин, өкмөттөрдүн башчыларын жана
делегацияларды мамлекеттик күзөткө алуу
Чет мамлекеттердин, өкмөттөрдүн башчылары жана делегациялар Кыргыз Республикасында жүргөн мезгилде алар республикага келген учурдан тартып мамлекеттик күзөткө алынат.
9-1-статья. Башка адамдарды мамлекеттик кайтарууга алуу
(КР 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10-статья. Мамлекеттик күзөт органынын ишин уюштуруу
Мамлекеттик күзөт органы улуттук коопсуздук маселелери карамагына кирген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тутумундагы Кыргыз Республикасынын аскердик түзүмү болуп саналат.
Мамлекеттик күзөт органынын түзүмү, штаттык саны жана анын ишин уюштуруу улуттук коопсуздук маселелери карамагына кирген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат. Мамлекеттик күзөт органы аскер кызматчыларынан жана граждандык адамдардан топтолот.

11-статья. Мамлекеттик күзөт органынын милдеттери
Мамлекеттик күзөт органы төмөнкүлөргө:
- Мамлекеттик күзөт объекттерине жана кайтарылуучу объекттерге укукка жат кол салуулардын бетин ачууга, алдын алууга жана аларга бөгөт коюуга;
- мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кайтаруу, режимдик, техникалык жана башка иш-чараларды уюштурууга жана жүргүзүүгө;
- Мамлекеттик күзөт объекттери туруктуу жана убактылуу болгон жерлерде алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон коомдук тартипти кармоого;
- Мамлекеттик күзөт органынын ишин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылган кырдаалдарды жоюуга;
- Мамлекеттик күзөт объекттери түшүп бараткан автотранспорт каражаттарын зарыл учурларда коштоону же эскорттоону камсыз кылууга;
- Мамлекеттик күзөт объекттерине алууда өз ыйгарым укуктарынын чегинде Президенттик жана өкмөттүк байланыш тутумун өнүктүрүү жана өркүндөтүү, анын ишенимдүүлүгүн, маалыматтык коопсуздугун жана оперативдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иш-чараларды уюштурууга жана жүргүзүүгө;
- шифрлөө ишин жүргүзүүгө;
- кайтарылуучу объекттерде, ошондой эле Мамлекеттик күзөт объекттери туруктуу жана убактылуу болгон жерлерде оперативдүү-техникалык, радиотехникалык, химиялык, өрткө каршы, санитардык-гигиеналык, экологиялык, радиациялык жана эпидемияга каршы контролду уюштурууга жана жүргүзүүгө;
- өз ишин маалыматтык-аналитикалык жактан камсыз кылууга;
- өзүнүн коопсуздугун камсыз кылууга;
- техникалык каналдар аркылуу маалыматтардын чыгып кетишин тыюу боюнча чара көрүүгө;
- кадрларды даярдоону жана алардын квалификациясын жогорулатууну жүргүзүүгө;
- финансылык-чарбалык иш жүргүзүүгө;
- жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн чет мамлекеттердин атайын кызматтары, укук коргоо органдары жана уюмдары менен өз ара аракеттенүүгө милдеттүү.

12-статья. Мамлекеттик күзөт органынын укуктары
Мамлекеттик күзөт органы төмөнкүлөргө:
- кайтаруу иш-чараларын даярдоодо жана жүргүзүүдө зарылчылыкка жараша коопсуздукту камсыз кылуу үчүн укук коргоо жана коргоо органдарынын күчүн жана каражатын алардын жетекчилиги менен макулдашуунун негизинде тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик күзөттөгү объекттердин коопсуздугуна коркунуч жөнүндө маалыматтарды алуу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын макулдугу менен алардын жардамын алууга;
- граждандар жана кызмат адамдары (кол тийбестик укугуна ээ болгон адамдардан бөлөктөр) кайтарылуучу объекттерге кирип баратканда жана кайтарылуучу объекттерден чыгып баратканда алардын ким экендигин тастыктаган документтерин текшерүүгө, зарыл учурларда граждандарды жекече тинтүүгө, анын жанындагы буюмдарды, транспорт каражаттарын жана аны менен ташып бараткан буюмдарды тинтүүгө, анын ичинде техникалык каражаттарды колдонуу менен тинтүүгө;
- фактылар менен окуяларды документтөөгө, фотосүрөткө тартууга, үнүн жазууга, кино- жана видеотасмаларга тартууга;
- Мамлекеттик күзөт объекттери туруктуу же убактылуу болгон жерлерде же Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларынын мыйзамдуу талаптарына тоскоолдук кылууга багытталган, ошондой эле кайтарылуучу объекттерге кирүү же кирүүгө аракет кылуу менен байланышкан укук бузууларды жасаган же жасап жаткан адамдарды кармоого жана улуттук коопсуздук же ички иштер органдарына жеткирүүгө;
- Мамлекеттик күзөт объекттеринин жана кайтарылуучу объекттердин коопсуздугуна коркунуч туудурган себептерди жана шарттарды жоюу жөнүндө милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон сунуштарды мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга, ошондой эле коомдук бирикмелерге берүүгө;
- өзгөчө учурларда байланыш каражаттарын, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга, ал эми шашылыш учурларда - граждандарга да таандык болгон атайын каражаттарды кызматтык максаттарда пайдаланууга;
- өзгөчө учурларда чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын дипломатиялык, консулдук жана башка өкүлчүлүктөрүнүн транспорт каражаттарын кошпогондо, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга, ал эми кечиктирилгис учурларда - граждандарга таандык болгон транспорт каражаттарын кылмышты болтурбоо үчүн, кылмыш жасаган же кылмыш жасагандыгы жагынан шек туудурган адамдын артынан түшүү жана кармоо үчүн, медициналык тез жардамга муктаж адамды дарылоо мекемесине жеткирүү үчүн, ошондой эле кылмыш жасалган жерге жетүү үчүн кызматтык максатта пайдаланууга укуктуу.
Транспорт каражаттарынын ээсинин талабы боюнча Мамлекеттик күзөт органы аларга мыйзамдарда белгиленген тартипте зыяндын ордун толтурат;
- Мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугуна коркунуч келтирген кылмыштарга бөгөт коюу үчүн, ошондой эле куугунтуктоону создуктуруу Мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн болсо, мындай кылмыш жасашы жагынан шек туудурган адамдардын артынан сая түшүүдө граждандарга (кол тийбестик укугуна ээ болгон адамдардан бөлөктөргө) таандык турак-жайларга жана башка жайларга, жер участокторуна, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын аймагына жана жайларына тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу.
Граждандар жашап жаткан турак-жайга жана башка жайларга алардын каршылык көрсөтүүсүнө карабастан кирген бардык учурлар жөнүндө Мамлекеттик күзөт органы 24 сааттын ичинде прокурорго билдирет;
- зарыл болгон учурда көчөлөрдө жана жолдордо транспорт каражаттарынын жана адамдардын жүрүшүн убактылуу токтотуу же тыюу салуу боюнча, айрым жерлерге жана объекттерге транспорт каражаттарын жана граждандарды өткөрбөө боюнча, ошондой эле транспорт каражаттарын сүйрөтүп чыгаруу боюнча чара көрүүгө;
- мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан, ошондой эле коомдук бирикмелерден зарыл маалыматты акысыз алууга;
- купуялуулук максатында Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларынын ким экендигин, алардын бөлүмдөрү, жайлары, транспорт каражаттары кайсы ведомствого таандык экендигин шифрлеген документтерди пайдаланууга;
- өз ыйгарым укуктарынын чектеринде чет мамлекеттердин атайын кызматтары, укук коргоо органдары жана уюмдары менен маалыматтарды, атайын техникалык жана башка каражаттарды алмашууга, ошондой эле Мамлекеттик күзөт объекттери бул мамлекеттердин аймагында жүргөн учурда алардын коопсуздугун камсыз кылуу шарттары жана тартиби жөнүндө макулдашууга укуктуу;
- Мамлекеттик күзөт органынын ишине тиешеси бар оперативдүү жана башка материалдарды сактоого, аларды эсепке алуунун, сактоонун жана пайдалануунун тартибин аныктоого, маалыматтык системасын түзүүгө.

12-1-статья. Мамлекеттик күзөт органына көмөк көрсөткөн
адамдардын укуктары жана милдеттери
Мамлекеттик күзөт органына көмөк көрсөткөн адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
- купуя кызматташуунун шарттары жөнүндө контракт түзүүгө;
- өзүнүн тапшырмалары, укуктары жана милдеттери жөнүндө түшүндүрмөлөрдү алууга;
- конспирация максатында инсандын шифрленген документтерин пайдаланууга;
- контрактта аныкталган учурларда сыйлык акы алууга.
Мамлекеттик күзөт органына көмөк көрсөткөн адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- алардын алдында турган милдеттерди чечүүгө багытталган тапшырмаларды алууга;
- эгер түзүлгөн болсо контракттын шарттарын сактоого;
- анык эмес маалыматтарды атайылап берүүгө жол бербөөгө;
- көмөк көрсөтүү процессинде ага белгилүү болуп калган маалыматтарды ачыкка чыгарбоого.
Мамлекеттик күзөт органына көмөк көрсөткөн адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
Мамлекеттик күзөт органына көмөк көрсөткөн адамдардын укуктарынын кепилдиги жана социалдык жактан коргоо колдонуудагы мыйзамдарга ылайык камсыз кылынат.

13-статья. Мамлекеттик күзөт органы тууралуу маалыматтарды коргоо
Мамлекеттик күзөт органынын кадрдык курамы жөнүндө, аларга купуялык негизде көмөк көрсөтүп жаткан же көрсөткөн адамдар жөнүндө, ошондой эле Мамлекеттик күзөт органынын ишин уюштуруу, аны ишке ашыруу тактикасы, ыкмалары жана каражаты жөнүндө маалыматтарды камтыган документтер менен материалдар Мамлекеттик күзөт органынын архивинде сакталууга тийиш.
Мамлекеттик күзөт органынын архивинин тарыхый жана улуттук баалу-
улукка жаткан, мыйзамдарга ылайык ачыкка чыгарылган материалдары мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик архив кызматынын архивдерине берилет.
Мамлекеттик күзөт органында мамлекеттик сырды коргоо мамлекеттик сыр жөнүндө мыйзамдарга ылайык камсыз кылынат.

14-статья. Мамлекеттик күзөт органынын кадрларынын курамы
Мамлекеттик күзөт органынын кадрларын офицердик курам, прапорщиктер, мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматчылары жана граждандык кызматчылар түзөт.
Мамлекеттик күзөт органына кызматка жана ишке өзүнүн адептик жана ишкер сапаттары, билими жана ден соолук абалы боюнча Мамлекеттик күзөт органына жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын граждандары ыктыярдуу негизде кабыл алынат.

15-статья. Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары
Мамлекеттик күзөт органынын аскер кызматчылары, ошондой эле аскер кызматтарына дайындалган адамдар Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары болуп саналат.
Мамлекеттик күзөт органынын аскер кызматчылары Мамлекеттик күзөт органынын алдында турган милдеттердин өзүнчөлүгү жана аларга жүктөлгөн милдеттер менен шартталган, ушул Мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен аскер кызматын өтөө жөнүндө мыйзамдарга ылайык аскер кызматын өтөшөт.
Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда бийликтин өкүлдөрү болуп саналышат жана мамлекеттин коргоосунда болушат. Мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын граждандар жана кызмат адамдары аткарууга милдеттүү. Кызматчылардын кызматтык милдеттерин аткарышына тоскоолдук кылуу, алардын ар-намысын жана кадыр-баркын кетирүү, Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларына каршылык көрсөтүү, коркунуч келтирүү же зомбулук кылуу, көрсөтүлгөн кызматчылардын кызматтык милдетин аткарышына байланыштуу алардын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салуу мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларын алардын кызматтык милдеттерине таандык болбогон милдеттерди аткарууну тартууга тыюу салынат.
Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары өздөрүнүн кызматтык ишинде саясий партиялардын жана башка коомдук бирикмелердин чечимине байланбайт.
Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларына ишкердик кылууга же жеке адамдардын жана юридикалык жактардын мындай ишти жүзөгө ашыруусуна көмөк көрсөтүүгө тыюу салынат. Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары аскер кызматын окутуучулук, илимий жана башка чыгармачылык иштен бөлөк акы төлөнүүчү башка иш менен айкалыштырууга укуксуз.
(7-бөлүк КР 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Офицердик курам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт органынын кадрларында жана иштеп жаткан резервинде турушат.
Мамлекеттик күзөт органынын кадрларын даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

16-статья. Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларын укуктук жана
социалдык жактан коргоонун кепилдиктери
Мамлекеттик күзөт органынын кызматчысы кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда Мамлекеттик күзөт органынын өкүлү болмоюнча же соттун чечими болмоюнча ага административдик жазаны колдонууга, аны алып келүүгө жана административдик кармоого, ошондой эле жеке өзүн, анын жанындагы буюмдарды тинтүүгө, ал пайдаланган транспорт каражатын тинтүүгө жол берилбейт.
Мамлекеттик күзөт органынын аскер кызматчыларына мыйзамдарда аскер кызматчыларына карата белгиленген укуктук жана социалдык жактан коргоо кепилдиктери таркатылат.
Мамлекеттик күзөт органынын жетекчилиги Мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлерин жана башка адамдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сиңирген эмгеги үчүн моралдык жана материалдык жактан сыйлоого, аларды мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүүгө укуктуу.
Мамлекеттик күзөт органынын аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган тартипте пенсия дайындоо жана белгилүү мөөнөттө кызмат кылгандыгы үчүн проценттик үстөк акыны жеңилдетип кошуп эсептөө үчүн аскер кызматындагы убактысы кошулат.
Мамлекеттик күзөт органынын белгилүү мөөнөттө кызмат кылгандыгы үчүн пенсия алууга укуктуу кызматчыларынын акчалай маянасына кошумча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгилеген тартипте, шарттарда жана өлчөмдө ай сайын үстөк акы төлөнөт.
Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларынын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуу же анын мүнөзүн өзгөртүүгө мажбурлоо максатында, ошондой эле көрсөтүлгөн иш үчүн өч алуу үчүн өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салынып жаткан Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары, алардын жакын туугандары, ал эми өзгөчө учурларда башка адамдар эгерде алардын өмүрү, ден соолугу жана мүлкү көрсөтүлгөн кызматчылардын кызматтык милдеттерин аткарышына байланыштуу коркунучка дуушар болсо, мамлекеттин коргоосунда болууга укуктуу. Мамлекеттик коргоого алуунун тартиби жана шарты ушул Мыйзамда жана башка мыйзамдарда аныкталат.
(КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 77, 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 226 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
17-статья. Мамлекеттик күзөт органынын граждандык кызматчылары
Мамлекеттик күзөт органынын граждандык кызматчыларына эмгек жөнүндө мыйзамдардын жана мамлекеттик кызматтын жана Мамлекеттик күзөт органындагы иштин өзгөчөлүктөрүн белгилеген ченемдик-укуктук актылардын күчү жайылтылат.
Мамлекеттик күзөт органынын граждандык кызматчыларына ишкерлик иш жүргүзүүгө же жеке адамдарга жана юридикалык жактарга мындай ишти жүзөгө ашырышына көмөктөшүүгө тыюу салынат. Мамлекеттик күзөт органынын граждандык кызматчылары кызматты окутуучулук, илимий жана башка чыгармачылык иштерден бөлөк акы төлөнүүчү башка иш менен айкалыштырууга укуксуз.
18-статья. Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларынын жоопкерчилиги
Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларынын кызматтык милдеттерин кыянат пайдаланышы, аткарбай коюшу же тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.
19-статья. Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларынын укукка жат
иш-аракеттерине даттануу
Эгерде граждандар жана кызмат адамдары Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларынын иш-аракети алардын укуктарын кысымга алууга алып келсе, аларга адеп-ахлактык зыян же чыгым келтирди деп эсептешсе, алардын мындай иш-аракеттерине карата бул органдын кызмат адамына, прокурорго же сотко даттанууга укуктуу.
20-статья. Кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонуу шарттары
Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонууга укуктуу.
Кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонууда Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары аларды колдонуу ниети жөнүндө эскертип, мында өзүнүн мыйзамдуу талаптары аткарылышы үчүн жетиштүү убакыт берүүгө милдеттүү, буга кара күчтү, атайын каражаттарды же куралды колдонууну кечиктирүү Мамлекеттик күзөт объекттеринин, Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларынын, ошондой эле башка граждандардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч туудурган учурлар кирбейт.
Эгерде мында зарыл коргонуу чегинен чыгууга жол берилбесе, ошондой эле өтө зарыл шарттарда, Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары бул Мыйзамда каралган учурларда кара күчтү, атайын каражаттарды же куралды колдонууга байланыштуу өзү келтирген адеп-ахлактык, материалдык жана ден соолукка келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт. Башка учурларда мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчилик келип чыгат.
Мамлекеттик күзөт органынын бөлүмүнүн жетекчиси кара күч, атайын каражаттар же курал колдонулган бардык учурлар жөнүндө прокурорго билдирет.

21-статья. Кара күчтү колдонуу
Эгерде күч колдонбоо ыкмалары өздөрүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарууну камсыз кылбаса, Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары кылмыштарга жана башка укук бузууларга бөгөт коюу, аларды жасаган адамдарды кармоо, кызматчылардын мыйзамдуу талаптарына көрсөтүлгөн каршылыкты четтетүү үчүн кара күчтү, анын ичинде кол кармашынын күжүрмөн ыкмаларын колдонууга укуктуу болушат.
22-статья. Атайын каражаттарды жана куралды колдонуу
Мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлери Мамлекеттик күзөт органынын куралдануусунда болгон атайын каражаттарды жана куралды төмөнкүдөй учурларда:
а) Мамлекеттик күзөт объекттерине кол салууга же кол салуу коркунучунун мизин кайтарууда;
б) Мамлекеттик күзөт органынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматчыларына кол салууга же кол салуу коркунучунун мизин кайтарууда, граждандардын коопсуздугун камсыз кылууда же кызматчыларга көрсөтүлгөн каршылыкты четтетүүдө;
в) кайтарылуучу объекттерге кол салууга же кол салуу коркунучунун мизин кайтарууда, ошондой эле аларды басып алуудан бошотууда;
г) укук бузуучуларды жана Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларынын жүктөлгөн милдеттерди аткарышына куралдуу каршылык көрсөтүүгө же тоскоолдук кылууга ниеттүү деп болжолдоого жетиштүү негиздер туудурган адамдарды кармоодо жана аларды ички иштер органдарына жеткирүүдө;
д) Мамлекеттик күзөт объекттеринин ишин бузган массалык тартипсиздиктерге жана топтошкон аракеттерге бөгөт коюуда;
е) Мамлекеттик күзөт объекттеринин же кайтарылуучу объекттердин коопсуздугуна коркунуч келтирген транспорт каражатын токтотуу зарыл болгондо колдонууга укуктуу.
Кош бойлуу экени билинип турган аялдарга, ошондой эле майыптыгы ачык билинген адамдарга жана жаш балдарга карата атайын каражаттарды жана куралды колдонууга тыюу салынат, буга алар куралдуу каршылык көрсөткөн, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү менен топтошуп же башкача кол салган учурлар кирбейт.
Зарыл коргонууда же өтө зарыл учурда Мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлери атайын каражаттар же курал жок болсо, колуна тийген ар кандай каражатты колдонууга укуктуу.
Мамлекеттик күзөт органынын курал-жарактарына кирген атайын каражаттардын жана куралдын тизмесин Кыргыз Республикасынын Президенти белгилейт.
23-статья. Мамлекеттик күзөт органынын ишин каржылоо
Мамлекеттик күзөт органынын ишин каржылоо жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
24-статья. Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык
жактан камсыз кылуу
Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасы тарабынан жүзөгө ашырылат.

24-1-статья. Мамлекеттик күзөт органынын куралдануу жана жабдуу
каражаттары
Мамлекеттик күзөт органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте атайын техникалык жана башка каражаттарды кошкондо, курал-жарак каражаттарын жана жабдыктарды колдонот.

25-статья. Мамлекеттик күзөт органынын ишине контролдук кылуу
Ушул Мыйзамдын турмушка ашырылышын контролдоону Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жүзөгө ашырат.
Мамлекеттик күзөт органынын ишине Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелери карамагына кирген мамлекеттик органдын жетекчиси контролдук кылат.
Мамлекеттик күзөт органы жана анын иши жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Президентине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине анын суроо-талабы боюнча берилет.
(КР 2008-жылдын 8-октябрындагы № 207, 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 226 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
26-статья. Прокурордук көзөмөл
Мамлекеттик күзөт органынын ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына прокуратура органдары көзөмөлдүк кылат.

27-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |
КР 2023-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1997-жылдын 29-декабры № 105
Мамлекеттик күзөт жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 8-октябрындагы № 207, 2009-жылдын 11-мартындагы № 77, 2011-жылдын 11-июлундагы № 92 , 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154 , 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 226 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт органынын аткара турган ишин аныктайт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт объекттерин, ыйгарым укуктарын, ошондой эле анын ишине контролду жана көзөмөлдү белгилейт.
I Глава Жалпы жоболор
1-статья. Мамлекеттик күзөт органы
Мамлекеттик күзөт органы ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында укуктук, уюштуруучулук, күзөттүк, режимдик, техникалык чаралардын жыйындысын жүзөгө ашырат.
(КР 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 226 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
мамлекеттик күзөт объектисинин коопсуздугу - мамлекеттик кайтарууга алынган адамдын анын өмүрүнө, ден соолугуна жана мамлекеттик кызматтын ыйгарым укуктарын же башка мамлекеттик, саясый же коомдук ишти аткарышы менен байланышкан мыйзам менен корголуучу башка турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына укукка каршы жана башкача кол салуулардан корголушу;
мамлекеттик күзөт - укуктук, уюштуруучулук, кайтаруу, режимдик, техникалык жана башка чаралардын жыйындысынын негизинде мамлекеттик башкаруунун муктаждыктары үчүн жүргүзүлүүчү мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы мамлекеттик бийлик органдарынын функциясы;
кайтарылуучу объектти коргоо - кайтарылуучу объекттерди күзөтүү жана коргоо боюнча иш-чаралардын жыйындысы;
мамлекеттик күзөт объектисинин коопсуздугуна коркунуч жөнүндө маалымат - мамлекеттик кайтарууга алынган адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн, мыйзам менен кайтарылуучу анын башка турмуштук маанилүү кызыкчылыктары үчүн коркунуч түзгөн шарттар жана факторлор жөнүндө же ошол адамга күч колдонуу, моралдык жана башка мүнөздөгү мүмкүн болуучу кол салуулар жана анын мыйзам менен корголуучу турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына башка зыян келтирүү жөнүндө маалымат;
мамлекеттик күзөт объектисинин убактылуу турган орду - мамлекеттик күзөт объектисинин туруктуу жашаган жери боюнча жана мамлекеттик кызматынын (ишинин) ордуна карата башкасы;
мамлекеттик күзөт объектисинин туруктуу турган орду - мамлекеттик күзөт объектисинин туруктуу жашаган жери жана мамлекеттик кызматынын (ишинин) орду;
мамлекеттик күзөт объектисинин коопсуздугун камсыз кылуу - мамлекеттик кайтарууга алынган адамдын коопсуздугуна коркунучтардын бетин ачууга, алдын алууга жана жолун тосууга багытталган укуктук, уюштуруучулук, кайтаруу, режимдик, техникалык жана башка чаралардын жыйындысын жүзөгө ашыруу;
мамлекеттик күзөт объектиси - ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик кайтарууга алынган адам;
кайтаруу иш-чаралары - Мамлекеттик күзөт органы, анын ичинде коопсуздукту камсыз кылуучу башка мамлекеттик органдардын күчтөрүн жана каражаттарын тартуу менен мамлекеттик күзөт объектиси туруктуу же убактылуу турган жерлерде, анын ичинде мамлекеттик күзөт объекттери убактылуу болгон трассаларда, анын ичинде мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган алардын жүрүү трассаларында жүргүзүлүүчү аракеттердин жыйындысы жана кайтарылуучу объекттерди коргоо;
кайтарылуучу объекттер - мамлекеттик бийлик органдары жайгашкан имараттар, курулуштар жана курулмалар, аталган имараттарга, курулуштарга жана курулмаларга чектеш жаткан мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу максатында коргоого алына турган аймактар жана акваториялар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык кайтарууга алынуучу башка объекттер;
коомдук тартипти колдоо - Мамлекеттик күзөт органынын укук бузуу-
лардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча, мамлекеттик күзөт объекттери туруктуу же убактылуу болгон жерлерде, анын ичинде алар бараткан трассаларда жана кайтарууга алынган объекттерде жүрүш-туруштун коомдук эрежелерин сактоо (укук тартибин камсыз кылуу) боюнча ушул Мыйзам менен белгиленген ыйгарым укуктардын чегиндеги өз алдынча же коопсуздукту камсыз кылуучу башка мамлекеттик органдардын күчтөрүн жана каражаттарын тартуу менен жүргүзүлүүчү иши.
(КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 77, 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Мамлекеттик күзөт органынын ишинин укуктук негизи
Мамлекеттик күзөт органынын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер жана макулдашуулар түзөт.
(КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Мамлекеттик күзөт органынын милдеттери
Мамлекеттик күзөт органынын милдеттери:
- Мамлекеттик күзөт объекттеринин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучту болжолдоо жана айкындоо, бул коркунучту болтурбоо боюнча чаралардын комплексин ишке ашыруу;
- Мамлекеттик күзөт объекттери туруктуу же убактылуу болгон жерлерде алардын коопсуздугун камсыз кылуу;
- өз ыйгарым укуктарынын чектеринде президенттик жана өкмөттүк байланышты уюштурууну жана анын иштешин камсыз кылуу;
- өз ыйгарым укуктарынын чектеринде терроризмге каршы күрөшүү;
- кайтарылуучу объекттерди коргоо;
- кайтарылуучу объекттерде кылмыштардын жана башка эреже бузуулардын алдын алуу, аларды табуу жана аларга бөгөт коюу болуп саналат.
4-статья. Мамлекеттик күзөт органынын ишинин принциптери
Мамлекеттик күзөт органы өз ишин төмөнкүдөй:
- мыйзамдуулук;
- адамдын жана граждандын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо жана сактоо;
- мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу максатында мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;
- үзгүлтүксүздүк;
- иштин маалымдуу жана маалым эмес ыкмаларын айкалыштыруу;
- контроль жана көзөмөл алдында болуу принциптеринин негизинде жүзөгө ашырат.
5-статья. Мамлекеттик күзөт органынын мамлекеттик органдар менен
өз ара мамилелери
Мамлекеттик күзөт органы өзүнүн алдында турган милдеттерди улуттук коопсуздук, коргоо маселелери карамагына кирген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары, ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен биргелешип аракеттенүү аркылуу чечет.
(КР 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 226 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II Глава Мамлекеттик күзөт объекттери
6-статья. Мамлекеттик күзөт объекттери жана кайтарылуучу объекттер
Мамлекеттик күзөт объекттерине ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн адамдар кирет.
Кайтарылуучу объекттерге Мамлекеттик күзөт объекттери убактылуу же туруктуу жайгаштырылган имараттар, курулуштар, түзүлүштөр жана аларга жамаатташ аймактар, ошондой эле Мамлекеттик күзөт органынын оперативдүү башкаруусундагы имараттар, курулуштар жана түзүлүштөр, аларга жамаатташ аймактар кирет.
7-статья. Кыргыз Республикасынын Президентин мамлекеттик күзөткө алуу
Мамлекет башчысы - Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкен учурдан тартып, туруктуу жана убактылуу болгон жерлерде мамлекеттик күзөткө алынат.
(2-бөлүк 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Президенти өз ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде мамлекеттик күзөттөн баш тартууга укуксуз. Кыргыз Республикасынын экс-Президентин камсыз кылуу, тейлөө жана коргоо мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт.
(КР 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья. Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты ээлеген
адамдарга мамлекеттик күзөттү берүү
Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты ээлеген төмөнкү адамдарга мамлекеттик күзөт берилет:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы.
Көрсөтүлгөн адамдарга мамлекеттик күзөт алардын ыйгарым укуктары-
нын мөөнөтүнүн ичинде берилет.
(КР 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154, 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 226 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-1-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын
мамлекеттик күзөткө алуу
Өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулган учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы аныктаган тартипте мамлекеттик күзөткө алынышы мүмкүн.
(КР 2011-жылдын 11-июлундагы № 92 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья. Чет мамлекеттердин, өкмөттөрдүн башчыларын жана
делегацияларды мамлекеттик күзөткө алуу
Чет мамлекеттердин, өкмөттөрдүн башчылары жана делегациялар Кыргыз Республикасында жүргөн мезгилде алар республикага келген учурдан тартып мамлекеттик күзөткө алынат.
9-1-статья. Башка адамдарды мамлекеттик кайтарууга алуу
(КР 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
III Глава Мамлекеттик күзөт органынын укуктары жана милдеттери
10-статья. Мамлекеттик күзөт органынын ишин уюштуруу
Мамлекеттик күзөт органы улуттук коопсуздук маселелери карамагына кирген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тутумундагы Кыргыз Республикасынын аскердик түзүмү болуп саналат.
Мамлекеттик күзөт органынын түзүмү, штаттык саны жана анын ишин уюштуруу улуттук коопсуздук маселелери карамагына кирген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат. Мамлекеттик күзөт органы аскер кызматчыларынан жана граждандык адамдардан топтолот.
(КР 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 226 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Мамлекеттик күзөт органынын милдеттери
Мамлекеттик күзөт органы төмөнкүлөргө:
- Мамлекеттик күзөт объекттерине жана кайтарылуучу объекттерге укукка жат кол салуулардын бетин ачууга, алдын алууга жана аларга бөгөт коюуга;
- мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кайтаруу, режимдик, техникалык жана башка иш-чараларды уюштурууга жана жүргүзүүгө;
- Мамлекеттик күзөт объекттери туруктуу жана убактылуу болгон жерлерде алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон коомдук тартипти кармоого;
- Мамлекеттик күзөт органынын ишин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылган кырдаалдарды жоюуга;
- Мамлекеттик күзөт объекттери түшүп бараткан автотранспорт каражаттарын зарыл учурларда коштоону же эскорттоону камсыз кылууга;
- Мамлекеттик күзөт объекттерине алууда өз ыйгарым укуктарынын чегинде Президенттик жана өкмөттүк байланыш тутумун өнүктүрүү жана өркүндөтүү, анын ишенимдүүлүгүн, маалыматтык коопсуздугун жана оперативдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иш-чараларды уюштурууга жана жүргүзүүгө;
- шифрлөө ишин жүргүзүүгө;
- кайтарылуучу объекттерде, ошондой эле Мамлекеттик күзөт объекттери туруктуу жана убактылуу болгон жерлерде оперативдүү-техникалык, радиотехникалык, химиялык, өрткө каршы, санитардык-гигиеналык, экологиялык, радиациялык жана эпидемияга каршы контролду уюштурууга жана жүргүзүүгө;
- өз ишин маалыматтык-аналитикалык жактан камсыз кылууга;
- өзүнүн коопсуздугун камсыз кылууга;
- техникалык каналдар аркылуу маалыматтардын чыгып кетишин тыюу боюнча чара көрүүгө;
- кадрларды даярдоону жана алардын квалификациясын жогорулатууну жүргүзүүгө;
- финансылык-чарбалык иш жүргүзүүгө;
- жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн чет мамлекеттердин атайын кызматтары, укук коргоо органдары жана уюмдары менен өз ара аракеттенүүгө милдеттүү.
(КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-статья. Мамлекеттик күзөт органынын укуктары
Мамлекеттик күзөт органы төмөнкүлөргө:
- кайтаруу иш-чараларын даярдоодо жана жүргүзүүдө зарылчылыкка жараша коопсуздукту камсыз кылуу үчүн укук коргоо жана коргоо органдарынын күчүн жана каражатын алардын жетекчилиги менен макулдашуунун негизинде тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик күзөттөгү объекттердин коопсуздугуна коркунуч жөнүндө маалыматтарды алуу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын макулдугу менен алардын жардамын алууга;
- граждандар жана кызмат адамдары (кол тийбестик укугуна ээ болгон адамдардан бөлөктөр) кайтарылуучу объекттерге кирип баратканда жана кайтарылуучу объекттерден чыгып баратканда алардын ким экендигин тастыктаган документтерин текшерүүгө, зарыл учурларда граждандарды жекече тинтүүгө, анын жанындагы буюмдарды, транспорт каражаттарын жана аны менен ташып бараткан буюмдарды тинтүүгө, анын ичинде техникалык каражаттарды колдонуу менен тинтүүгө;
- фактылар менен окуяларды документтөөгө, фотосүрөткө тартууга, үнүн жазууга, кино- жана видеотасмаларга тартууга;
- Мамлекеттик күзөт объекттери туруктуу же убактылуу болгон жерлерде же Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларынын мыйзамдуу талаптарына тоскоолдук кылууга багытталган, ошондой эле кайтарылуучу объекттерге кирүү же кирүүгө аракет кылуу менен байланышкан укук бузууларды жасаган же жасап жаткан адамдарды кармоого жана улуттук коопсуздук же ички иштер органдарына жеткирүүгө;
- Мамлекеттик күзөт объекттеринин жана кайтарылуучу объекттердин коопсуздугуна коркунуч туудурган себептерди жана шарттарды жоюу жөнүндө милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон сунуштарды мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга, ошондой эле коомдук бирикмелерге берүүгө;
- өзгөчө учурларда байланыш каражаттарын, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга, ал эми шашылыш учурларда - граждандарга да таандык болгон атайын каражаттарды кызматтык максаттарда пайдаланууга;
- өзгөчө учурларда чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын дипломатиялык, консулдук жана башка өкүлчүлүктөрүнүн транспорт каражаттарын кошпогондо, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга, ал эми кечиктирилгис учурларда - граждандарга таандык болгон транспорт каражаттарын кылмышты болтурбоо үчүн, кылмыш жасаган же кылмыш жасагандыгы жагынан шек туудурган адамдын артынан түшүү жана кармоо үчүн, медициналык тез жардамга муктаж адамды дарылоо мекемесине жеткирүү үчүн, ошондой эле кылмыш жасалган жерге жетүү үчүн кызматтык максатта пайдаланууга укуктуу.
Транспорт каражаттарынын ээсинин талабы боюнча Мамлекеттик күзөт органы аларга мыйзамдарда белгиленген тартипте зыяндын ордун толтурат;
- Мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугуна коркунуч келтирген кылмыштарга бөгөт коюу үчүн, ошондой эле куугунтуктоону создуктуруу Мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн болсо, мындай кылмыш жасашы жагынан шек туудурган адамдардын артынан сая түшүүдө граждандарга (кол тийбестик укугуна ээ болгон адамдардан бөлөктөргө) таандык турак-жайларга жана башка жайларга, жер участокторуна, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын аймагына жана жайларына тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу.
Граждандар жашап жаткан турак-жайга жана башка жайларга алардын каршылык көрсөтүүсүнө карабастан кирген бардык учурлар жөнүндө Мамлекеттик күзөт органы 24 сааттын ичинде прокурорго билдирет;
- зарыл болгон учурда көчөлөрдө жана жолдордо транспорт каражаттарынын жана адамдардын жүрүшүн убактылуу токтотуу же тыюу салуу боюнча, айрым жерлерге жана объекттерге транспорт каражаттарын жана граждандарды өткөрбөө боюнча, ошондой эле транспорт каражаттарын сүйрөтүп чыгаруу боюнча чара көрүүгө;
- мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан, ошондой эле коомдук бирикмелерден зарыл маалыматты акысыз алууга;
- купуялуулук максатында Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларынын ким экендигин, алардын бөлүмдөрү, жайлары, транспорт каражаттары кайсы ведомствого таандык экендигин шифрлеген документтерди пайдаланууга;
- өз ыйгарым укуктарынын чектеринде чет мамлекеттердин атайын кызматтары, укук коргоо органдары жана уюмдары менен маалыматтарды, атайын техникалык жана башка каражаттарды алмашууга, ошондой эле Мамлекеттик күзөт объекттери бул мамлекеттердин аймагында жүргөн учурда алардын коопсуздугун камсыз кылуу шарттары жана тартиби жөнүндө макулдашууга укуктуу;
- Мамлекеттик күзөт органынын ишине тиешеси бар оперативдүү жана башка материалдарды сактоого, аларды эсепке алуунун, сактоонун жана пайдалануунун тартибин аныктоого, маалыматтык системасын түзүүгө.
(КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 77, 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
12-1-статья. Мамлекеттик күзөт органына көмөк көрсөткөн
адамдардын укуктары жана милдеттери
Мамлекеттик күзөт органына көмөк көрсөткөн адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
- купуя кызматташуунун шарттары жөнүндө контракт түзүүгө;
- өзүнүн тапшырмалары, укуктары жана милдеттери жөнүндө түшүндүрмөлөрдү алууга;
- конспирация максатында инсандын шифрленген документтерин пайдаланууга;
- контрактта аныкталган учурларда сыйлык акы алууга.
Мамлекеттик күзөт органына көмөк көрсөткөн адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- алардын алдында турган милдеттерди чечүүгө багытталган тапшырмаларды алууга;
- эгер түзүлгөн болсо контракттын шарттарын сактоого;
- анык эмес маалыматтарды атайылап берүүгө жол бербөөгө;
- көмөк көрсөтүү процессинде ага белгилүү болуп калган маалыматтарды ачыкка чыгарбоого.
Мамлекеттик күзөт органына көмөк көрсөткөн адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
Мамлекеттик күзөт органына көмөк көрсөткөн адамдардын укуктарынын кепилдиги жана социалдык жактан коргоо колдонуудагы мыйзамдарга ылайык камсыз кылынат.
(КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья. Мамлекеттик күзөт органы тууралуу маалыматтарды коргоо
Мамлекеттик күзөт органынын кадрдык курамы жөнүндө, аларга купуялык негизде көмөк көрсөтүп жаткан же көрсөткөн адамдар жөнүндө, ошондой эле Мамлекеттик күзөт органынын ишин уюштуруу, аны ишке ашыруу тактикасы, ыкмалары жана каражаты жөнүндө маалыматтарды камтыган документтер менен материалдар Мамлекеттик күзөт органынын архивинде сакталууга тийиш.
Мамлекеттик күзөт органынын архивинин тарыхый жана улуттук баалу-
улукка жаткан, мыйзамдарга ылайык ачыкка чыгарылган материалдары мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик архив кызматынын архивдерине берилет.
Мамлекеттик күзөт органында мамлекеттик сырды коргоо мамлекеттик сыр жөнүндө мыйзамдарга ылайык камсыз кылынат.
(КР 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 226 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
IV Глава Мамлекеттик күзөт органынын кадрлары
14-статья. Мамлекеттик күзөт органынын кадрларынын курамы
Мамлекеттик күзөт органынын кадрларын офицердик курам, прапорщиктер, мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматчылары жана граждандык кызматчылар түзөт.
Мамлекеттик күзөт органына кызматка жана ишке өзүнүн адептик жана ишкер сапаттары, билими жана ден соолук абалы боюнча Мамлекеттик күзөт органына жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын граждандары ыктыярдуу негизде кабыл алынат.
(КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-статья. Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары
Мамлекеттик күзөт органынын аскер кызматчылары, ошондой эле аскер кызматтарына дайындалган адамдар Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары болуп саналат.
Мамлекеттик күзөт органынын аскер кызматчылары Мамлекеттик күзөт органынын алдында турган милдеттердин өзүнчөлүгү жана аларга жүктөлгөн милдеттер менен шартталган, ушул Мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен аскер кызматын өтөө жөнүндө мыйзамдарга ылайык аскер кызматын өтөшөт.
Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда бийликтин өкүлдөрү болуп саналышат жана мамлекеттин коргоосунда болушат. Мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын граждандар жана кызмат адамдары аткарууга милдеттүү. Кызматчылардын кызматтык милдеттерин аткарышына тоскоолдук кылуу, алардын ар-намысын жана кадыр-баркын кетирүү, Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларына каршылык көрсөтүү, коркунуч келтирүү же зомбулук кылуу, көрсөтүлгөн кызматчылардын кызматтык милдетин аткарышына байланыштуу алардын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салуу мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларын алардын кызматтык милдеттерине таандык болбогон милдеттерди аткарууну тартууга тыюу салынат.
Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары өздөрүнүн кызматтык ишинде саясий партиялардын жана башка коомдук бирикмелердин чечимине байланбайт.
Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларына ишкердик кылууга же жеке адамдардын жана юридикалык жактардын мындай ишти жүзөгө ашыруусуна көмөк көрсөтүүгө тыюу салынат. Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары аскер кызматын окутуучулук, илимий жана башка чыгармачылык иштен бөлөк акы төлөнүүчү башка иш менен айкалыштырууга укуксуз.
(7-бөлүк КР 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Офицердик курам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт органынын кадрларында жана иштеп жаткан резервинде турушат.
Мамлекеттик күзөт органынын кадрларын даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
(КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 77, 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
16-статья. Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларын укуктук жана
социалдык жактан коргоонун кепилдиктери
Мамлекеттик күзөт органынын кызматчысы кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда Мамлекеттик күзөт органынын өкүлү болмоюнча же соттун чечими болмоюнча ага административдик жазаны колдонууга, аны алып келүүгө жана административдик кармоого, ошондой эле жеке өзүн, анын жанындагы буюмдарды тинтүүгө, ал пайдаланган транспорт каражатын тинтүүгө жол берилбейт.
Мамлекеттик күзөт органынын аскер кызматчыларына мыйзамдарда аскер кызматчыларына карата белгиленген укуктук жана социалдык жактан коргоо кепилдиктери таркатылат.
Мамлекеттик күзөт органынын жетекчилиги Мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлерин жана башка адамдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сиңирген эмгеги үчүн моралдык жана материалдык жактан сыйлоого, аларды мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүүгө укуктуу.
Мамлекеттик күзөт органынын аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган тартипте пенсия дайындоо жана белгилүү мөөнөттө кызмат кылгандыгы үчүн проценттик үстөк акыны жеңилдетип кошуп эсептөө үчүн аскер кызматындагы убактысы кошулат.
Мамлекеттик күзөт органынын белгилүү мөөнөттө кызмат кылгандыгы үчүн пенсия алууга укуктуу кызматчыларынын акчалай маянасына кошумча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгилеген тартипте, шарттарда жана өлчөмдө ай сайын үстөк акы төлөнөт.
Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларынын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуу же анын мүнөзүн өзгөртүүгө мажбурлоо максатында, ошондой эле көрсөтүлгөн иш үчүн өч алуу үчүн өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салынып жаткан Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары, алардын жакын туугандары, ал эми өзгөчө учурларда башка адамдар эгерде алардын өмүрү, ден соолугу жана мүлкү көрсөтүлгөн кызматчылардын кызматтык милдеттерин аткарышына байланыштуу коркунучка дуушар болсо, мамлекеттин коргоосунда болууга укуктуу. Мамлекеттик коргоого алуунун тартиби жана шарты ушул Мыйзамда жана башка мыйзамдарда аныкталат.
(КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 77, 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 226 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
17-статья. Мамлекеттик күзөт органынын граждандык кызматчылары
Мамлекеттик күзөт органынын граждандык кызматчыларына эмгек жөнүндө мыйзамдардын жана мамлекеттик кызматтын жана Мамлекеттик күзөт органындагы иштин өзгөчөлүктөрүн белгилеген ченемдик-укуктук актылардын күчү жайылтылат.
Мамлекеттик күзөт органынын граждандык кызматчыларына ишкерлик иш жүргүзүүгө же жеке адамдарга жана юридикалык жактарга мындай ишти жүзөгө ашырышына көмөктөшүүгө тыюу салынат. Мамлекеттик күзөт органынын граждандык кызматчылары кызматты окутуучулук, илимий жана башка чыгармачылык иштерден бөлөк акы төлөнүүчү башка иш менен айкалыштырууга укуксуз.
18-статья. Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларынын жоопкерчилиги
Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларынын кызматтык милдеттерин кыянат пайдаланышы, аткарбай коюшу же тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.
19-статья. Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларынын укукка жат
иш-аракеттерине даттануу
Эгерде граждандар жана кызмат адамдары Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларынын иш-аракети алардын укуктарын кысымга алууга алып келсе, аларга адеп-ахлактык зыян же чыгым келтирди деп эсептешсе, алардын мындай иш-аракеттерине карата бул органдын кызмат адамына, прокурорго же сотко даттанууга укуктуу.
V Глава Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларынын кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонушу
20-статья. Кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонуу шарттары
Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонууга укуктуу.
Кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонууда Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары аларды колдонуу ниети жөнүндө эскертип, мында өзүнүн мыйзамдуу талаптары аткарылышы үчүн жетиштүү убакыт берүүгө милдеттүү, буга кара күчтү, атайын каражаттарды же куралды колдонууну кечиктирүү Мамлекеттик күзөт объекттеринин, Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларынын, ошондой эле башка граждандардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч туудурган учурлар кирбейт.
Эгерде мында зарыл коргонуу чегинен чыгууга жол берилбесе, ошондой эле өтө зарыл шарттарда, Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары бул Мыйзамда каралган учурларда кара күчтү, атайын каражаттарды же куралды колдонууга байланыштуу өзү келтирген адеп-ахлактык, материалдык жана ден соолукка келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт. Башка учурларда мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчилик келип чыгат.
Мамлекеттик күзөт органынын бөлүмүнүн жетекчиси кара күч, атайын каражаттар же курал колдонулган бардык учурлар жөнүндө прокурорго билдирет.
(КР 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 226 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-статья. Кара күчтү колдонуу
Эгерде күч колдонбоо ыкмалары өздөрүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарууну камсыз кылбаса, Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары кылмыштарга жана башка укук бузууларга бөгөт коюу, аларды жасаган адамдарды кармоо, кызматчылардын мыйзамдуу талаптарына көрсөтүлгөн каршылыкты четтетүү үчүн кара күчтү, анын ичинде кол кармашынын күжүрмөн ыкмаларын колдонууга укуктуу болушат.
22-статья. Атайын каражаттарды жана куралды колдонуу
Мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлери Мамлекеттик күзөт органынын куралдануусунда болгон атайын каражаттарды жана куралды төмөнкүдөй учурларда:
а) Мамлекеттик күзөт объекттерине кол салууга же кол салуу коркунучунун мизин кайтарууда;
б) Мамлекеттик күзөт органынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматчыларына кол салууга же кол салуу коркунучунун мизин кайтарууда, граждандардын коопсуздугун камсыз кылууда же кызматчыларга көрсөтүлгөн каршылыкты четтетүүдө;
в) кайтарылуучу объекттерге кол салууга же кол салуу коркунучунун мизин кайтарууда, ошондой эле аларды басып алуудан бошотууда;
г) укук бузуучуларды жана Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларынын жүктөлгөн милдеттерди аткарышына куралдуу каршылык көрсөтүүгө же тоскоолдук кылууга ниеттүү деп болжолдоого жетиштүү негиздер туудурган адамдарды кармоодо жана аларды ички иштер органдарына жеткирүүдө;
д) Мамлекеттик күзөт объекттеринин ишин бузган массалык тартипсиздиктерге жана топтошкон аракеттерге бөгөт коюуда;
е) Мамлекеттик күзөт объекттеринин же кайтарылуучу объекттердин коопсуздугуна коркунуч келтирген транспорт каражатын токтотуу зарыл болгондо колдонууга укуктуу.
Кош бойлуу экени билинип турган аялдарга, ошондой эле майыптыгы ачык билинген адамдарга жана жаш балдарга карата атайын каражаттарды жана куралды колдонууга тыюу салынат, буга алар куралдуу каршылык көрсөткөн, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү менен топтошуп же башкача кол салган учурлар кирбейт.
Зарыл коргонууда же өтө зарыл учурда Мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлери атайын каражаттар же курал жок болсо, колуна тийген ар кандай каражатты колдонууга укуктуу.
Мамлекеттик күзөт органынын курал-жарактарына кирген атайын каражаттардын жана куралдын тизмесин Кыргыз Республикасынын Президенти белгилейт.
VI Глава Мамлекеттик күзөт органын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
23-статья. Мамлекеттик күзөт органынын ишин каржылоо
Мамлекеттик күзөт органынын ишин каржылоо жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
24-статья. Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык
жактан камсыз кылуу
Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасы тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 226 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-1-статья. Мамлекеттик күзөт органынын куралдануу жана жабдуу
каражаттары
Мамлекеттик күзөт органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте атайын техникалык жана башка каражаттарды кошкондо, курал-жарак каражаттарын жана жабдыктарды колдонот.
(КР 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
VII Глава Мамлекеттик күзөт органынын ишине контролдук жана көзөмөлдүк кылуу