Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 5-марты ПЖ № 69
Афганистан Ислам Республикасында Кыргыз
Республикасынын Элчилигин уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасы менен Афганистан Ислам Республикасынын саясый, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарды андан ары өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кабул шаарында жайгаштыруу менен Афганистан Ислам Республикасында Кыргыз Республикасынын Элчилиги уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айдын ичинде Афганистан Ислам Республикасында Кыргыз Республикасынын Элчилигинин ишин уюштуруу жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |