Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 12-марты ПЖ №74
М.Р. Алимбеков, М.А. Кулчунов ж.б. жөнүндө
(КР Президентинин 2010-жылдын 28-июлундагы ПЖ № 60 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына, 84-беренесинин 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечимдерин жана Кыргыз Республикасынын сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кеңешинин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кынтыксыз эмес жүрүм-туруму жөнүндө сунуштарын эске алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:
- Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан Алимбеков Максатбек Раимжанович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;
- Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан Кулчунов Мойдун Акулуевич - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;
- Бишкек шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан Панкратов Сергей Сергеевич - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;
- Садыков Асанбек - Бишкек шаардык сотунун судьясынын кызматынан;
- Шакенов Сафарбек - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын жана Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басарынын кызматынан.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |