Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 12-марты ПЖ № 76
Д.М.Ибраев, К.К.Омурканов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 3-бөлүгүнө, 35-беренесинин 2-1-бөлүгүнө ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр которулсун:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Ибраев Джолдош Мамаевич - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Жалал-Абад облустук сотуна;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Омурканов Каныбек Кыдыкович - ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна;
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |