КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 12-марты ПЖ № 77
Ж.О.Бабаев, А.Т.Жутанов жана Б.М.Нишанов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 2-, 3-бөлүктөрүнө ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан Бабаев Жыргалбек Олжобаевич, Жутанов Алмаз Токтоназарович, Нишанов Буркан Мурзаевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан четтетилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |