КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 15-марты ПЖ № 80
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы
Кеңеш айылдык кеңешинде шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрүнүн бүткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 6-пунктунун 4-пунктчасына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 80-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кеңеш айылдык кеңешинде депутаттарды шайлоо 2010-жылдын 15-майына дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык өткөрүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- шайлоону өткөрүү үчүн зарыл финансы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык бөлсүн;
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акими шайлоо комиссиясына шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |