Редакцияот 15.03.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2010-жылдын 15-марты ПЖ № 81

М.Дж.Джакупов, К.М.Киргизбаев жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 3-бөлүгүнө, 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 35-беренесинин 2-1-бөлүгүнө ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр которулсун:

- Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары Джакупов Марсбек Джакишевич - мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун төрагасынын кызматына;

- Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун төрагасы Киргизбаев Куанбек - мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басарынын кызматына.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К. Бакиев