КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 15-марты ПЖ № 82
М.Т.Акназаров, У.А.Араев ж.б. жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына, 83-беренесинин 6-пунктунун экинчи абзацына ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр дайындалсын:
- Акназаров Мирлан Тагаевич - беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына;
- Араев Улан Абдыжапарович - беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына;
- Суюмбаев Аскар Абирович - мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына;
- Өмүрзаков Жыргалбек Токторбаевич - мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Ресггубликасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына;
- Тилебалиев Акынбек Казыбекович - курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |