КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 15-марты ПЖ № 84
Ж.Т.Өмүрзаков, А.К.Тилебалиев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесинин 6-пунктунун үчүнчү абзацына ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр дайындалсын:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Өмүрзаков Жыргалбек Токторбаевич - беш жылдык мөөнөткө Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун төрагалыгына;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Тилебалиев Акынбек Казыбекович - беш жылдык мөөнөткө Ош облустук сотунун төрагалыгына.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |