Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 6-июну ПЖ № 135
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын курчап турган чөйрөсүн коргоо жагындагы сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Баатыров Жаныбек Маришович - Ош аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой экосистемасын өнүктүрүү башкармасынын начальниги;
Кысанов Аскат Кысанович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин токой экосистемасын өнүктүрүү башкармасынын начальниги;
Өскөмбаев Турумбек Сагынович - Ысык-Көл аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой экосистемасын өнүктүрүү башкармасынын начальниги;
Умаралиев Эмилбек Бочонович - Чүй-Бишкек аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой экосистемасын өнүктүрүү башкармасынын начальниги.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |