Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 30-марты ПЖ № 103
Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 8-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөргө биринчи квалификациялык класс берилсин:
Аскаров Рахимжан Аскаровичке - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун төрагасы;
Мамбеталиев Анарбек Карыпбаевичке - Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы;
Садырова Чинара Идрисовнага - Чүй облусунун райондор аралык сотунун судьясы.
2. Төмөнкүлөргө экинчи квалификациялык класс берилсин:
Акыев Арзыбекке - Ош шаардык сотунун судьясы;
Жобонов Койчубек Касымовичке - Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы;
Жумагулов Памирдинге - Чүй облусунун райондор аралык сотунун судьясы;
Нарынбекова Айсалкын Омуралиевнага - Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басары;
Эркебаев Адилет Маматеминовичке - Ош облустук сотунун судьясы.
3. Үчүнчү квалификациялык класс берилсин:
Джаналиев Бекболот Болотбековичке - Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы.
4. Төртүнчү квалификациялык класс берилсин:
Абдугапаров Алмаз Абибулаевичке - Баткен райондор аралык сотунун төрагасы.
5. Төмөнкүлөргө бешинчи квалификациялык класс берилсин:
Абдыкалыков Мамасадыкка - Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы;
Арзиев Аликбек Маматовичке - Чүй облустук сотунун судьясы;
Байсеитов Таалайбек Карыбаевичке - Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы;
Маматов Абдыганы Омаровичке - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун судьясы;
Эргешова Мастураханга - Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясы.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |