Загрузка документа…
КР Президентинин
2012-жылдын 25-январындагы № 16 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 31-марты ПЖ № 104
Кыргызстанды өнүктүрүү Институтунун маселелери жөнүндө
Кыргызстанды өнүктүрүү Институтунун ишине тиешелүү уюштуруу маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42жана 47-беренелерин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргызстанды өнүктүрүү Институтунун тиркелген Уставы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 19-февралындагы № 56 "Кыргызстанды өнүктүрүү Институту жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункттагы ", Институттун башкаруу схемасы жана штаттык саны" деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги Кыргызстанды өнүктүрүү Институтунун башкаруу схемасын, түзүмүн жана штаттык санын бекитсин.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |