Редакцияот 05.04.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2010-жылдын 5-апрели ПЖ № 105

Кыргыз Республикасынын сотунун төрагасынын, төрагасынын орун басарынын жана судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 11-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына, 2-бөлүгүнө ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөрдүн ыйгарым укуктары токтотулсун:

Абышкаев Чубак Садыковичтин - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 5-апрелиндеги № 108 Жарлыгы менен Чүй облустук сотунун төрагалыгына жети жылдык мөөнөткө дайындалган, кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 22-октябрындагы № 394 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун төрагасы болуп которулган;

Сакеев Дамир Ушурбековичтин - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 5-апрелиндеги № 108 Жарлыгы менен Ысык-Көл облустук сотунун судьялыгына жети жылдык мөөнөткө дайындалган;

Эралиев Талайбек Каскаевичтин - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 5-апрелиндеги № 108 Жарлыгы менен Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басарлыгына жети жылдык мөөнөткө дайындалган.

2. Бул Жарлык кол коюлган күлдөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К. Бакиев