Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 5-апрели ПЖ № 106
Ч.С.Абышкаев, Д.У.Сакеев, Т.К.Эралиев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына, 83-беренесинин 6-пунктунун экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр дайындалсын:
- Абышкаев Чубак Садыкович - курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына;
- Сакеев Дамир Ушурбекович - курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына;
- Эралиев Талайбек Каскаевич - курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |