Загрузка документа…
КР Президентинин 2011-жылдын 27-декабрындагы ПЖ N 65 Жарлыгына ылайык
ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 5-апрели ПЖ № 109
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндөгү" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги менен талаптагыдай өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы № 330 "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндөгү" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун байкоочу кеңешине Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин Жетекчиси тарабынан дайындалуучу Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин төрт өкүлү, финансы министри, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлеринин ичинен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалуучу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин өкүлү мамлекеттик органдардын таламдарын билдире тургандыгын эске алуу менен уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуш кылынсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |