Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 9-июлу ПЖ №8
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Айыл чарбасында техниканы, машиналарды жана жабдууларды коопсуз пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча натыйжалуу иштерди камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы №425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыздоо боюнча чаралар тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункттун үчүнчү абзацындагы "мамлекеттик техникалык инспекциялоо," деген сөздөр алып салынсын;
- 8-пункттун жыйырма алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин алдындагы Башкы мамлекеттик техникалык инспекция айыл чарба техникаларын жана атайын технологиялык машиналарды каттоо боюнча функцияларды алып салууну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Башкы мамлекеттик техникалык инспекцияга кайра уюштурулсун.".
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы №573 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын чектелген штаттык саны жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган Жарлыктын 1-тиркемесинде:
- 6-пункттагы "1882" жана "1569" сандары тиешелүү түрдө "1915" жана "1602" сандары менен алмаштырылсын;
- 24-пункттагы "1371" жана "1279" сандары тиешелүү түрдө "1338" жана "1246" сандары менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги өздөрүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтиришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актылары ушул Жарлыкка каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |
КР Президентинин
2011-жылдын 25-августундагы ПЖ № 204 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
УКАЗ ПРЕЗИДЕНТА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
от 9 июля 2010 года УП № 8
О внесении изменений в некоторые решения Президента Кыргызской Республики
(В редакции Указа Президента КР
от 16 июня 2011 года УП № 139)
В целях обеспечения эффективной работы по надзору за безопасной эксплуатацией техники, машин и оборудования в сельском хозяйстве постановляю:
1. (Утратил силу в соответствии с Указом Президента КР от 16 июня 2011 года УП № 139)
2. Внести в Указ Президента Кыргызской Республики "О предельной штатной численности министерств, административных ведомств и иных государственных органов Кыргызской Республики" от 14 декабря 2009 года № 573 следующие изменения:
в Приложении 1 к вышеназванному Указу:
- в пункте 6 цифры "1882" и "1569" заменить цифрами "1915" и "1602" соответственно;
- в пункте 24 цифры "1371 и "1279" заменить цифрами "1338" и "1246" соответственно.
3. Государственной регистрационной службе при Правительстве Кыргызской Республики и Министерству сельского хозяйства Кыргызской Республики привести свои нормативные правовые акты в соответствие с настоящим Указом.
4. Министерству финансов Кыргызской Республики в установленном порядке внести соответствующие изменения в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2010 год и прогнозе на 2011-2012 годы".
5. Установить, что нормативные правовые акты Правительства Кыргызской Республики действуют в части, не противоречащей настоящему Указу.
6. Настоящий Указ вступает в силу со дня подписания.
Президент Кыргызской Республики
|
Р. Отунбаева |