Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ №408 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 12-июлу ПЖ №11
2010-жылдын июнь айында республиканын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептерин, кесепеттерин ар тараптан иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссия түзүү тууралуу
Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептерин, кесепеттерин иликтөө боюнча жана сунуштарды иштеп чыгуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептерин, кесепеттерин иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча төмөнкү курамдагы Улуттук комиссия (мындан ары-Комиссия) түзүлсүн:
Эркебаев А.
| - Коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын УИА академиги, Комиссиянын төрагасы
|
Фаттахов Б.А.
| - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Кыргыз Республикасыньшулуттук агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу, Комиссиянын төргасынын орун басары |
Орозалиев В.К.
| - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысыны орун басары, Комиссиянын жооптуу катчысы
|
Табалдиев Б.Б.
| - УӨнүн Аппарат Жетекчисинин орун басары-Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы
|
Атаханов Ш.Е.
| - «Кыргызстан» КПФнун Кеңешинин төрагасы
|
Асанканов А.
| - Тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын УИАнын мүчө-корреспонденти, Арабаев атындагы КМУнун тарых боюнча окутуучусу
|
Балыкин В.В.
| - Генерал-майор, Кыргызстандарт
|
Жекшеев Ж.
| - Коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын экс-депутаты
|
Жураев Б.
| - Коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын экс-депутаты
|
Касиев Н.К.
| - Улуттук онкология борборунун директору
|
Князев А.А.
| - Тарых илимдеринин доктору, политолог, Кыргыз-Россиялык славян университетинин политология кафедрасынын жана эл аралык журналистика кафедрасынын профессору
|
КадыроваР.К.
| - Эл аралык толеранттуулук үчүн фонду
|
Мураталиев Ч.Д.
| - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери, коопсуздук маселеси боюнча эксперт
|
Молдалиев О.А.
| - Коопсуздук маселеси боюнча эксперт
|
Юсупов А.
| - Кыргыз-өзбек университетинин кафедра башчысы, экономика илимдеринин кандидаты
|
Мирзахметов Н.О.
| - Базар-Коргон райондук оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы
|
Молдошев З.М.
| - Генерал-майор
|
Мамбетов К.
| - Саламаттык сактоо министринин орун басары
|
Насиза С.Х.
| - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын уюштуруучулук-инспекциялык башкармалыгынын начальниги
|
Пятибратова А.Я.
| - «Эхо Оша» газетасынын редакциясынын кызматкери
|
Сабиров Р.А.
| - Кыргызстандагы тажик коомунун төрагасы
|
Сапарбаев А.
| - Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн төрагасы
|
Элебаева А.
| - Философия илимдеринин доктору, профессор
|
Жусупбеков А.
| - Философия илимдеринин доктору
|
Нарматов А.
| - Ислам университетинин ректору
|
Сагынбаев Л.С.
| - Коомдук ишмер
|
Талипов В.Т.
| - Ош облустук ардагерлер кеңешинин мүчөсү
|
Токсонбаев А.С.
| - «Азаттык» радиосунун кабарчысы
|
Токтакунов Н.А.
| - «Прецедент» өнөктөштүк тобунун төрагасы
|
Абдрасулова А. | - ОО «Кылым шамы» |
2. Комиссия:
- 2010-жылдын 10-сентябрына чейин болуп өткөн окуялар боюнча тийиштүү корутундуну Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизсин;
- закрылчылыкка жараша ишке министирликтердин жана административдик ведомстволордун адистерин, ошондой эле эл аралык эксперттерди жана консультаттарды тартсын;
- Комиссиянын аткарган иштеринин жыйынтыгы менен коомчулукту жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу тааныштырсын.
3. Ош, Жалал-Абад облустарына чыккан учурда чыгымдар жана транспорт жагынан камсыз кылуу Өкмөттүн Аппаратынын каражаттарынын эсебинин жүргүзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Ош жана Жалал-Абад облустарынын комендаттары иш учурунда Комиссия мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылышсын.
5. Мамлекеттик органдардын жетекчилери Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |