Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 12-июлу ПЖ №12
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө
2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүү) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, ошондой эле 1993-жылдын 5-майындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын базасында түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүү) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна ылайык бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын ишке ашырууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин камсыз кылуучу мамлекеттик орган болуп эсептелээри белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарына теңдештирилээри аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчилиги бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жобосун, түзүмүн жана штаттык санын бекитүүгө киргизсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |