КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 16-июлу ПЖ №45
Б.А. Фаттахов жөнүндө
2010-жылдын 27-июнунда референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
Фаттахов Бахтияржан Азизович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директорунун милдетин аткарууну кошкондо, мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |