Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 9-августу ПЖ №93
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө
2010-жылдын 27-июнундагы референдум (жалпы элдик добуш берүү) менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу, элдин эрк-талабын эркин билдирүү демократиялык шайлоонун талашсыз шарты болуп саналаарын эске алып, "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесин жана Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодекстин 69-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жекшембиге, 2010-жылдын 10-октябрына дайындалсын.
2. Жаңы чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2010-жылдын 27-июнундагы референдум (жалпы элдик добуш берүү) менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана 2007-жылдын 21-октябрында референдум (жалпы элдик добуш берүү) менен кабыл алынган Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келбеген бөлүгүнө ылайык өткөрүлүүгө тийиш экендиги белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
- шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эркин, ак ниет жана ачык өткөрүүнү камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келбеген бөлүгүнүн ченемдерин жетекчиликке алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- шайлоо өткөрүү үчүн зарыл болгон каржы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан бекитилген чыгымдар сметасына ылайык бөлүп берсин;
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту сактоо, анын ичинде шайлоо комиссияларынын жайлары менен добуш берүү үчүн жайлардын коопсуздугун, алардын өрт коопсуздугун сактоо, шайлоо документтерин ташуучу транспорт каражаттарын коштоп жүрүүнү жана кайтарууну камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
5. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы камсыз кылсын.
6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери шайлоочулардын тизмелерин түзүүнү, тактоону жана шайлоо комиссияларына өткөрүп берүүнү шайлоо жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген мөөнөттөрдө камсыз кылсын жана шайлоону даярдоо менен өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.
7. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |