КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 16-августу ПЖ № 130
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 11-августундагы № 112 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жиберүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 11-августундагы № 112 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жиберүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктунун бешинчи абзацындагы "Бишкек гарнизонунун" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул Жарлыктын 1-пункту 2010-жылдын 11-августунан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |