Загрузка документа…
КР Президентинин 2011-жылдын 25-августундагы ПЖ N 204 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 3-сентябры ПЖ № 158
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин штаттык санын оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасынын жалпы пайдаланылуудагы автомобиль жолдорун ремонттоо, куруу, күн сайын тейлөө жана күтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол органдары тарабынан аткарылуучу иштердин сапатын жогорулатуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлыктын 1-тиркемесинде:
- 8-пунктундагы "430" жана "345" деген цифралар тиешелүү түрдө "950" жана "865" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |