Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 9-сентябры ПЖ № 168
Шанхай кызматташтык уюмунун Террорго каршы региондук түзүмү менен эриш-аркак иштеген Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары жөнүндө
Санкт-Петербург шаарында 2002-жылдын 7-июнунда кол коюлган, Террорго каршы региондук түзүм жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы макулдашууну аткарууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарын контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Шанхай кызматташтык уюмунун Террорго каршы региондук түзүмү (мындан ары - Террорго каршы региондук түзүм) менен эриш-аркак иштеген Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары катары аныкталышсын.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
а) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы:
ушул Жарлыктын 1-пунктунда аталган Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын Террорго каршы региондук түзүм менен эриш-аркак иштөөсүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча координациялоону жүргүзөт;
Шанхай кызматташтык уюмунун Террорго каршы региондук түзүмүнүн кеңешинин заседаниелерине жана Террорго каршы региондук түзүм өткөрүүчү башка иш-чараларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегацияларын түзөт;
Кыргыз Республикасынын позициясын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, ал эми зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын башка компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча аныктайт;
б) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигин кошпогондо, Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы аркылуу Террорго каршы региондук түзүм менен эриш-аркак иштешет.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Санкт-Петербург шаарында 2002-жылдын 7-июнунда кол коюлган, Террорго каршы региондук түзүм жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы макулдашуунун депозитарийине Террорго каршы региондук түзүм менен эриш-аркак иштеген Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тууралуу маалымдасын.
4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |